«Кумтөр» компаниясы «Жакында мектепке» акциясын колдоду

«Кумтөр» компаниясы «Жакында мектепке» акциясын колдоду

Жарыяланган: 26 August 2014

«Кумтөр Голд Компани» Жетим балдардын укуктарын коргоо коомдук фондусунун Эл аралык билим күнүнө карата «Жакында мектепке» акциясын колдоду. Акциянын максаты – жетим балдарга окуу жылына карата рюкзакты топтоого жардам берүү. 2014-жылдын 3 – 27-августунда бардык көңүл кош эмес кыргызстандыктардан гуманитардык жардам чогултуу акциясы уюштурулган.

Фонддун аткаруучу директору Игорь Беляевдин айтуусу боюнча, 500 балага колдоо көрсөтүү пландаштырылууда. Жетим балдарга белектерди жөнөкөй жарандар да, ири компаниялар менен уюмдар да көрсөтүшүүдө. «Кумтөр» компаниясы да демилгеге кошулууну чечти жана Жетим балдардын укуктарын коргоо коомдук фондусуна белекке кыргыз жана орус тилдериндеги беш жүз нускада сүрөттүү балдар энциклопедиясын берди.