Кумтөр – 2021-жылдын жыйынтыктары

Кумтөр – 2021-жылдын жыйынтыктары

Жарыяланган: 28 March 2022

Кыргыз Республикасында жайгашкан Кумтөр кени Борбордук Азиядагы эң ири алтын кендердин бири жана дүйнөдөгү эң бийик кендердин бири. Кенде 1997-жылдан бери алтын казылып жана 2021-жылдын 31-декабрына карата 13,6 миллион унциядан ашык алтын өндүрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы тескемеси менен “Кумтөр Голд Компаниге” (КГК) убактылуу тышкы башкаруу киргизилген. Ошол эле күнү тажрыйбалуу менеджер, канадалык кесипкөй инженер лицензиясы жана дүйнө жүзү боюнча тоо-кен тармагында чоң тажрыйбасы бар Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган.

Тышкы башкаруу киргизилген күнгө карата, өлкөдөгү эң ири ишканалардын бири болсо да “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Кыргыз Республикасынын банктарындагы эсептеринде болгону 46 миң АКШ доллары калган. Тышкы башкарууга өтүүдө пайда болгон кыйынчылыктарга карабастан, “Кумтөр Голд Компанинин” жаңы жетекчилиги Кумтөр кенинин үзгүлтүксүз иштешин жана бардык бөлүмдөрдүн туруктуу иштешин камсыз кылды. “Кумтөр” бюджеттин, жеткирүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин алдындагы бардык милдеттенмелерин эч кандай кошумча каржылоо булактарын тартпастан өз убагында жана толук аткарды.

2022-жылдын январында “Кумтөр Голд Компанинин” убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин отурумунда компаниянын 2021-жылдагы иш-аракеттери жөнүндө отчетту сунуштады.

2021-жылдын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү планга ылайык 103 пайызга аткарылды. 2021-жылы өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн өсүшү, биринчи кезекте, убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде тоо-кен иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу менен байланышкан. Кумтөр кендеги бардык тоо-кен иштери коопсуздук эрежелерин сактоо менен жүргүзүлөт.

2021-жылга тоо-кен иштеринин көлөмү 202,5 миллион тоннаны түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Ошол эле учурда руда казып алуу көрсөткүчтөрү да жогорулаган. 4,79 млн тонна руда казылып алынды, анда 14,7 тонна алтын камтылган, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу руданын көлөмү боюнча 6,8 эсеге жана рудадагы алтындын көлөмү боюнча 3,1 эсеге көп болгон. 2021-жылындагы тышкы башкаруу мезгилинде 126,8 миллион тонна тоо тектери казылып алынган, анын ичинен 3,2 миллион тонна рудада алтындын орточо курамы 3,63 г/т болгон.

2021-жылдын он эки айында Кумтөрдө 468 136 унция алтын өндүрүлгөн. Алтынды сатуу планы 102 пайызга аткарылган – “Кумтөр Голд Компани” 2021-жылы “Центерра Голд Инк” компаниясынын божомолуна салыштырмалуу 1,7% же 8 миң 21 унцияга көп алтын саткан. 2021-жылга алтынды сатуудан жалпы киреше 856 миллион долларды түздү, анын 621 миллион доллары убактылуу тышкы башкаруу мезгилине туура келет.

Өлкө бюджетине бардык салыктар жана милдеттүү төлөмдөр “Кумтөр Голд Компани” тарабынан өз убагында жана толук төлөнүп турат. 2021-жылы “Кумтөр Голд Компани” Кыргызстандын бюджетине 160,3 миллион доллар өлчөмүндө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн, ал эми план боюнча бул төлөмдөр 107,2 миллион долларды түзмөк. Иш жүзүндө төлөмдөр бюджеттик көрсөткүчтөрдөн 53,1 миллион АКШ долларына же 50,7 пайызга көп болгон.

Салыктарды төлөгөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө жылдык салык боюнча чыгашаларды жана группа ичиндеги зайым бүтүмдөрүн таанууга чейин 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кумтөрдөн 323,7 млн доллар өлчөмүндө таза пайда алынган. Буга чейин канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы түшкөн кирешеден 4% өлчөмдөгү минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жылдык салыкты өлкөнүн бюджетине төлөгөн эмес. 2021-жылы “Кумтөрдүн” жаңы жетекчилиги түшкөн кирешеден 32,9 миллион доллар каражатты пландалган бюджеттик салыктардан тышкары бул кошумча салыкты төлөөгө жумшаган.

2021-жылы “Кумтөр Голд Компаниге” киргизилген убактылуу тышкы башкаруу учурунда 78% пайда алынган же 323,6 млн доллардын 251,3 млн долларын түзгөн. Минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жылдык салык боюнча чыгашаларды жана группа ичиндеги зайым бүтүмдөрүнө резервти эсепке албаганда 2021-жылдын 17-майынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил ичинде таза пайда 185,4 млн АКШ долларын түзгөн.

Теңгиз Бөлтүрүктүн жетекчилиги астында “Кумтөр Голд Компани” ишканасында кен казуу иштеринин наркын төмөндөтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 унция алтынга кеткен акчалай жалпы чыгымдар, салыктарды кошкондо, планга салыштырмалуу 222 долларга азайган, 1 374 доллардан 1 152 долларга кыскарган, бул 16,1% үнөмдөө болгонун билдирет.

Убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде айлана-чөйрөгө аярдуу мамиле жасоо максатында Кумтөр кенинде муз казуу кескин төмөндөдү. 2021-жылы муз массаларынын өндүрүүсү 2020-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге же 60%га төмөндөгөн. 2021-жылы 1,73 миллион тонна муз алынган, бул 2020-жылдын  “Центерра Голд Инк.” тарабынан алынган 4,38 миллион тонна көрсөткүчүнөн 253% аз. 2021-жылдын декабрында “Кумтөр Голд Компани” муз массаларын өндүрүүдөн толугу менен баш тартканга жетишти.

Убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде Теңгиз Бөлтүрүк болгон ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу максатында минималдуу капиталдык чыгымдар менен технологияларды өзгөртүүгө жетише алды.  2021-жылдын жай айларында алтын ылгоо фабриканын муктаждыктары үчүн техникалык суу менен камсыздоону 80-85%га чейин жеткирүү планы иштелип чыккан, бул Петров көлүнөн эриген мөңгү суусун керектөөнү олуттуу кыскартат. Жай мезгилинде фабриканын технологиялык муктаждыктарын 60% карьердеги суудан камсыздоого жетишүүгө мүмкүн болду.  Мындан тышкары, фабрикага кошумча суунун берилиши Лысый дарыясынын өрөөнүнөн отвал алдындагы сордурулган суулар менен камсыз кылынат, ал суунун технологиялык процессте колдонууга жарамдуулугун аныктоо үчүн технологиялык сыноолор жүргүзүлдү. Бул чара кышкысын фабрикага суу берилишин саатына 500—550 кубометрге чейин жеткирет. Натыйжасында Кумтөрдө кайра иштетилген сууну, карьерден алынган сууну жана башка булактардан сууну жыл бою пайдаланууну жана Петров көлүнөн технологиялык керектөөлөргө суу алууну толугу менен токтотууну көздөп жатат.

Убактылуу тышкы башкаруу учурунда 2021-жылы алтын ылгоо фабрикасында 3 813,5 миң тонна руда иштетилген, анын орточо курамы 3,31 г/т болгон. Алтын ылгоо 79,9% түзүп, 324 728 троя унция алтын эритилген. Бул жетишкендиктер профессионалдык ыкма жана фабриканын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча туура өнүктүрүү стратегиясын тандоо аркылуу ишке ашкан. Эскирген жана натыйжасыз жабдуулар алмаштырылды, эскирген реагенттер жаңыларына алмаштырылды, сапатсыз реагенттерди жана кызматтарды камсыздоочулардан баш тартты, жумушчулардын квалификациясы жогорулатылды, жаңы технологиялар киргизилди. Флотациялык концентраттын технологиялык ажыратуу схемасы өзгөртүлдү, бул ылгап алынуучу алтындын көлөмүн көбөйтүүгө жана акиташ чыгымдоосун 200 тоннага жана натрий цианид чыгымдоосун 40 тоннага кыскартууга мүмкүндүк берди. Натрий цианид чыгымдоолорун кыскартуу аркасында 2021-жылдын жыйынтыгы менен реагенттер боюнча үнөмдөө $1,3 миллион долларды түздү.

“Кумтөр Голд Компанинин” жаңы жетекчилиги жакынкы келечекте туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууну пландаштырды, бул болсо сорбциялык активдүүлүгү жогору рудаларды кайра иштетүү технологиясын мыктылоого жана алтындын ылгоосун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Тышкы башкаруу учурунда кен жайды иштетүү стратегиясын өзгөртүү боюнча иштер башталды. Мөңгүлөрдү сактоо жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу үчүн жер алдында кенди иштетүү ыкмасына өтүү долбоору иштелип жатат. “Центерра Голд Инк.” Кумтөр кенин ачык ыкма менен иштеткен. Натыйжасында алтын камтыган руданын 1 тоннасын өндүрүү үчүн бир учурда 41 тоннадан 60 тоннага чейин бош текти чыгаруусу зарыл болгон. Бул көрсөткүч боюнча “Кумтөр Голд Компани” дүйнөдөгү тоо-кен компанияларынын арасында 1-орунда турат. 1 тонна руда үчүн кадимки орточо дүйнөлүк кыртыш ачуу коэффициенти 2 тоннадан 7 тоннага чейинки бош текти түзөт. Мисалы, Түркиядагы Өксүт кенинде бул көрсөткүч бирге экини (1:2) түзсө, Канададагы Маунт Миллиган кенинде бирге бирди (1:1) түзөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер алдындагы кенди иштетүү ыкмасында алтындын курамы 4,5 г/т чейин болуп, бул ачык ыкма менен казып алынган алтындын курамынан эки эсе ашат. Адатта ачык ыкма менен өндүрүлгөнгө караганда жер алдындагы ыкмасында операциондук чыгымдар кыйла жогору болооруна карабастан, бул 1 унция алтын өндүрүүнүн өздүк наркы кыйла төмөн болушу күтүлүүдө дегенди билдирет.

Жер алдындагы ыкма пайдалуу кендерди сарамжалсыз казып алуудан баш тартып, Кумтөр мөңгүлөрүнүн бузулушун токтотууга, айлана-чөйрөгө тийгизген зыянды азайтууга жана эң төмөн вскрыша жана пайдалуу компонеттерин жоготуу коэффициенттери менен (максимум 1ге2 же 1ге3) алтын камтыган руданы тандап өндүрүүгө жол берет, башкача айтканда экологиялык жана экономикалык жактан кыйла пайдалуу жол менен.

“Кумтөр Голд Компаниде” жер астындагы ыкма менен алтын өндүрүү долбоорун уюштуруу максатында жаңы долбоордук бөлүмүн түзүлдү. Азыркы учурда аталган бөлүм жогорку квалификациялуу адистер менен түптөлүүдө.

Ошондой эле, калдыктардын суюк жана катуу фазаларынан алтын алуу максатта туюккаптын отвалдык калдыктарын кайра иштетүү долбоору боюнча иштер кызуу жүргүзө башталды. 1997-жылдан бери Кумтөрдөгү алтын ылгоо фабрикасы 134 миллион тоннадан ашык руданы кайра иштеткен. Отвалдык калдыктардагы алтындын орточо курамы 0,7 г/т түзөт. Ошондо, жалпы фабриканы иштетүү учурунда, демек 25 жылдан ашуун убакта, туюккапка 106 тоннага жакын алтын төгүлгөн. Калдыктардан алтынды алуу 40-50% болсо дагы, бул өлкөгө 40 тоннадан 50 тоннага чейин алтынды өндүрүп берет. Алтынды сатуудан түшкөн киреше 2,2 миллиард доллардан 2,8 миллиард долларга чейин болот (алтындын бир унциясы үчүн баасы 1700 АКШ доллар болгондо). Калдыктардан алтын ылгоонун өздүк наркы бир унциясы үчүн 350 АКШ долларын түзөөрү күтүлүүдө, демек, калдыктарды кайра иштетүүдөн алынган таза пайда болжол менен 1,7 миллиарддан 2,3 миллиард АКШ долларга чейин жетиши мүмкүн. Калдыктарды кайра иштетүү мөөнөтү 10-12 жылды түзөт. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жумуштар планы түзүлгөн, ал өзүнө чалгындоо скважиналарын бургулоону камтыган, жана бул иштер аткарылып башталды.  Геологиялык чалгындоо иштери узактан бери топтолгон калдыктардан пробаларды алууга жана аларды анализдөөнүн негизинде калдыктардагы алтындын көлөмүн жана таралышын аныктоого мүмкүндүк берет. Жакынкы жылдарда эски калдыктардан алтын алуу үчүн атайын курулманы куруу жана ишке киргизүү пландалууда.