«Кумтөр Оперейтинг Компани» чаңды басуу үчүн Earthbind™ 100 заманбап каражатын пайдаланууга киришти

«Кумтөр Оперейтинг Компани» чаңды басуу үчүн Earthbind™ 100 заманбап каражатын пайдаланууга киришти

Жарыяланган: 18 September 2011

«Кумтөр Оперейтинг Компани» технологиялык трассадагы чаңдоо деңгээлин төмөндөтүү үчүн жаңы биополимер материалын сыноолорго киришти

Ден соолукту, коопсуздукту жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча катаал талаптарды сактоо боюнча программанын алкактарында «Кумтөр Оперейтинг Компаниде» кен ишканасынын Бишкек – Каракол жолу менен байланыштырып турган технологиялык трассасында чаңды басуу үчүн Earthbind™ 100 заманбап каражатын сыноого киришишти.

Earthbind 100 стабилизатору – бул чаң менен натыйжалуу күрөшүү жана жолдордун бетин таптоо үчүн арналган экологиялык коопсуз жана узак мөөнөттүү биополимер заты. Ал автомобиль токтотуучу жайларда, тоо-кен ишканасынын аймагында жана башка чаңды басуу талап кылынган жайларда да колдонулууга жарамдуу.

Earthbind 100 экологиялык коопсуз чайырлардан, биополимерлерден жана үстүңкү катмардуу активдүү заттардан (ПАВ) турат. Полимер кыртыштын бөлүкчөлөрүн бириктирет, аны менен аларды бекемдейт жана майда бөлүкчөлөрдүн чаңга айлануусун болтурбайт. Андан тышкары, зат кыртыштын активдештирилген бөлүкчөлөрүнүн сууга туруктуулугун күчөтөт жана алардын жаан астында эзилип кетүүсүнө же каткандан кийин жолдун бетинен жуулуп кетүүсүнө жол бербейт. Бардык компоненттер отко чыдамдуу, суу флорасына, фаунасына жана сүт эмүүчүлөр үчүн коркунучтуу эмес болуп саналышат, металлдардын эрозиясын пайда кылбайт, анын калдыктары коркунучтуу эмес. Earthbind 100дү түзүү үчүн пайдаланылган заттар канцерогендүү болуп саналышпай тургандыгы далилденген, АКШда адам жана курчап турган чөйрө үчүн коопсуздукка сыноолордон өтүшкөн.

Жаңы каражатты сыноодон өткөрүшкөндөн кийин «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» адистери кыртыштуу жолдордун чоң участокторун аны менен иштетише жана «Кумтөр» кен ишканасына баруучу технологиялык трассанын, ошондой эле кен ишканасынын өзүндө чаңдалуу деңгээлин төмөндөтө алышат. Зат жолду бөгөбөй туруп эле тез чачылат. Бул үчүн заттын концентратын зарыл пропорцияларда суу менен аралаштырып жана суу ташыгыч автомашиналар же башка суу чачуучулардын жардамы менен аны жолдун бетине чачуу гана керек. Мурда «Кумтөр Оперейтинг Компаниде» чаңды басуучу каражат катарында кадимки эле сууну колдонушчу.

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Роберт Вандер белгилегендей: «Чаңды басуу проблемасы бардык тоо-кен ишкаларына жакшы тааныш, мына ошондуктан биз ага өзгөчө көңүл бурабыз. Earthbind 100 – бул уникалдуу заманбап биополимер, ал автотранспорттун кыймылы жүргөн жерлерде чаңдын көтөрүлүшү менен күрөшүүгө жардам берет. Чаңды басуунун жаңы каражатын киргизүү ишканадагы жана региондогу экологиялык кырдаалды жакшыртууга багытталган комплекстүү программанын бир бөлүгү болуп саналарын баса белгилеп кетким келет».