«Кумтөр Оперейтинг Компани» «КСЖны өздөштүрүүдөбүз: татаал нерсе жөнүндө жөнөкөйлөтүп – Кыргызстан» китебинин басылышын колдоого алды

«Кумтөр Оперейтинг Компани» «КСЖны өздөштүрүүдөбүз: татаал нерсе жөнүндө жөнөкөйлөтүп – Кыргызстан» китебинин басылышын колдоого алды

Жарыяланган: 13 September 2011

Книга «Корпоративная Социальная Ответственность»

2011-жылдын 12-сентябрынан 16-сентябрына чейин Бишкекте «Корпоративдүү социалдык жоопкерчилик жумалыгыгы» өтөт. Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жумалыктын уюштуруучулары CSR Business Network (Кыргызстандагы КСЖ Бизнес Тармак), Ага Хан Фонду, ЕӨРБнын Ишкер консультацияларды колдоо программасы (BAS), Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода Палатасы (AmCham), Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюм (ЕККУ) болуп калышты. КСЖ жумалыгын өткөрүү идеясын төмөнкү өнөктөш компаниялар да колдошту: «Кумтөр Оперейтинг Компани», уюлдук оператор «Скай мобайл» ЖЧКсы (Beeline Соода маркасы) жана «Мөл Булак Финанс» МККсы.

Уюштуруучулардын пикири боюнча, КСЖ чөйрөсүндөгү эл аралык эксперттер жана практиктер тарабынан улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен иштелип чыккан семинарлардын, диспуттардын жана конференциялардын цикли корпоративдүү социалдык жоопкерчилик маселелери боюнча мамлекеттин, бизнестин жана коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду жөнгө салууга, а бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнө тажрыйба алмашууга, өз компанияларында социалдык жоопкерчиликти киргизүү жана өнүктүрүү боюнча билимдерди алууга мүмкүндүк бермекчи.

 «Кыргызстандагы КСЖ жумалыгы 2011» алкактарында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жана «Мөл Булак Финанс» МККнын колдоосу менен басылган «КСЖны өздөштүрүүдөбүз: татаал нерсе жөнүндө жөнөкөйлөтүп» китебинин бет ачаары жана аны таратуу болот. Басып чыгаруунун уюштуруучусу, «КСЖ Бизнес Тармак» коомдук уюмунун директору Асель Арстанбекова белгилегендей, китепти басып чыгаруу алар өздөрүнүн КСЖларын киргизишип жана өнүктүрүшүп гана жатышпастан, жалпысынан өлкөнүн экономикасынын системалуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жатышкан Кыргызстандын алдыңкы компанияларынын жардамынан улам мүмкүн болгон.

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Роберт Вандердин сөзү боюнча: «Бул китеп – өтө маанилүү жана өз убагында чыккан басылма, ал компаниялардын менеджерлерине пайдалуу болот, кеңири аудиториянын социалдык жоопкерчилик чөйрөсүндөгү эл аралык жана жергиликтүү тажырыйба менен таанышуусуна мүмкүнчүлүк берет, КСЖ стратегияларынын жана программаларынын логикасын жана принциптерин түшүнүүгө көмөктөшөт. Бизнестин жана мамлекеттик структуралардын коом астындагы жоопкерчилиги жөнүндө дискуссиялардын катышуучулары жакынкы эле мезгилдер аралыгында социалдык жоопкерчилик – улуттук экономиканын туруктуу өнүгүүсүнүн сөзсүз болуучу шарты экендиги боюнча конструктивдүү корутундуга келишет деп үмүттөнөм. Жана жоопкерчиликти да бардык кызыкдар тараптар бөлүшүүгө тийиш».