Кумтөр Каралаев атындагы №6 Балыкчы орто мектебин компьютерлер жана эмерек менен камсыз кылды

Кумтөр Каралаев атындагы №6 Балыкчы орто мектебин компьютерлер жана эмерек менен камсыз кылды

Жарыяланган: 25 February 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКка тышкы башкаруу киргизилгенден бери өлкөдө жаңы деңгээлдеги кесиптик билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган мектептерди жана ЖОЖдорду колдоо программасы ишке ашырылууда. Албетте, Компания аймактарды өнүктүрүү долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурат. «Кумтөр» Каралаев атындагы №6 Балыкчы орто мектебинин эки информатика классын компьютерлер менен жабдып берди.

«Бул окуу жайда компьютерлер жетишсиз болчу. IT-технологиялар азыр өнүгүп жатат, жана бүгүнкүнүн интеллектуалдык инвестициясы келечекте үзүрүн берет. Мэриянын атынан Кумтөргө терең ыраазычылык билдиребиз, – деди Балыкчы шаарынын мэри Аманат Сыдыков.

Жалпысынан «Кумтөр» мектептин эки информатика классы үчүн 30дан ашык заманбап жана күчтүү компьютерлерди белекке берди. Лицензияланган операциялык системалар жана окутуу үчүн зарыл программалар бардык жабдууларга орнотулган. Учурда мектеп окуучулары компьютерлерди колдонуп жатышат.

Мындан тышкары, «Кумтөр Голд Компани» бул окуу жайга интерактивдүү доскаларды, проекторлорду, жаңы мектеп эмеректерин жана мугалимдер үчүн столдорду сатып алып берди.