“Кумтөр” компаниясы бош жумуш орундар жана такшалма жарманкесине катышты

“Кумтөр” компаниясы бош жумуш орундар жана такшалма жарманкесине катышты

Жарыяланган: 09 December 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК бош жумуш орундар жана такшалма жарманкесине катышты. 5 декабрда ири компаниялар, эл аралык уюмдар, ишке орноштуруу боюнча агенттиктер Кыргызстандын ичиндеги жүздөгөн бош жумуш орундарын сунушташты.

400дөн ашык студенттери, бүтүрүүчүлөрү жана Кыргыз Республикасынын ар кайсы ЖОЖдорунун мугалимдик курамы жарманкеге барышып, бош жумуш орундар, жумуштун шарттары, кесиптик өнүгүү мүмкүндүктөрү тууралуу маалымат алышты жана заманбап жумуш рыногунда багытын табууну үйрөнүштү.

Бул иш-чара Enactus Кыргызстан уюштурган “Жаштар ишкерлигинин жумалыгы” алкагында өткөрүлдү. Enactus –  бул адамдардын жашоосун өзгөртүү жана мыкты туруктуу дүйнө куруу максатында бизнес лидерлеринин, университеттердин жана студенттердин башын бириктирген ири эл аралык коммерциялык эмес уюм.

“Кумтөр” эң жактырылган иш берүүчүлөрдүн бири, жана жарманкеде учурдагы бош такшалма орундарын сунуштады, ошондой эле келечектеги пландары менен бөлүштү.  Жаштар “маалымат булактын” өзүнөн кеңештерин алып, анкеталарды кантип жана каякка тапшыруу керектиги жана Компаниянын билим берүү чөйрөсүндөгү пландары тууралуу маалымат алышты.

КГКнын персоналды окутуу жана өнүктүрүү бөлүмү 4 квест жана “Кумтөрдүн” ишине байланыштуу суроолор конкурсун уюштурду.  Жеңүүчүлөргө Компаниянын логотиби бар эстелик белектер берилди.

“Кумтөр” персоналды окутуу жана өнүктүрүү маселелерине көңүл бөлөт, ошондой эле тоо-кен тармагы болобу, чектеш тармактар болобу жаңы адистер муунун даярдоого салым кошуп ресурстарын аябайт, анткени жагымдуу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү – бул Компаниянын негизги приоритети.