«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл областында микрокредиттөөнү өнүктүрүү үчүн 1 миллион доллар бөлүп атат

«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл областында микрокредиттөөнү өнүктүрүү үчүн 1 миллион доллар бөлүп атат

Жарыяланган: 14 May 2013

Kumtor Operating Company«Кумтөр» компаниясы “Жети-Өгүз”, “Тоң-Финанс” жана “Балыкчы-Финанс” микрокредиттик агенттиктерине Ысык-Көл областынын калкын микрокредиттөө програмамсын колдоого 500 миң АКШ долларын которду, дагы 500 миң АКШ доллары ушул жылдын июль айында бөлүнмөкчү.

Ысык-Көл областын социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен “Кумтөр” компаниясы 2006-жылдан бери Ысык-Көл областында микрокредиттөө программасын жүзөгө ашырып келет. Компаниянын колдоосу менен үч микрокредиттик агенттик түзүлгөн, алар кредиттерди эң жакшы шарттарда – Кыргызстандагы эң төмөнкү үстөк пайыздык шарттарда берүүдө, ал 10%дон 12%га чейин. Ушундан улам Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун, ошондой эле Балыкчы шаарынын жашоочулары малчылыкты, фермердик чарбаларды, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн финансылык каражаттарга жеткиликтүүлүк алышты. 2006-жылдан бери компания микрокредиттөө программасына 2 миллиондон ашуун АКШ долларын инвестициялады. Кошумча финансылоону эске алуу менен инвестициялардын жалпы көлөмү 2013-жылдын аягына карата 3 миллион 160 миң АКШ долларын түзмөкчү.

«Биз Ысык-Көл областынын калкы кредиттерге муктаждыкты тартып жатышканын билебиз, биздин региондо микрокредиттөөнү кошумча финансылоо жөнүндө чечимибиз дал мына ушуну менен байланышкан. Адамдарга финансы каражаттарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен биз аларга өз бизнесин өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн беребиз, ал адамдардын бакубаттуулугун жогорулатууга, коомду туруктуу өнүктүрүүгө жана региондун экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөбүз», – деп белгиледи «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Майкл Фишер.