«Кумтөр» кен ишканасында иштерди аткаруу үчүн алдын-ала квалификациялык тандоого катышуу үчүн квалификациялуу уюмдарды чакырабыз

«Кумтөр» кен ишканасында иштерди аткаруу үчүн алдын-ала квалификациялык тандоого катышуу үчүн квалификациялуу уюмдарды чакырабыз

Жарыяланган: 15 February 2013

ТЕНДЕР ЖАБЫК

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы (КГК) практикалык иш тажрыйбасы бар квалификациялуу уюмдарды «Кумтөр» кен ишканасында иштердин төмөнкү прогноздолуучу түрлөрүн аткаруу үчүн алдын-ала квалификациялык тандоого катышууга чакырат:
1 Кыртышты иштетүү жана жер-топурак иштери
2 Сайлуу негизди даярдоо
3 Бетон иштери: негизи, жабуучу плиталар, негиздин жаздыкчасы жана сайлардын каптамалары/тирөөчтөр
4 Курулуш иштери: дренаж системалары, коммуналдык системалар, каналдар, түтүктөр жана түтүктүү өткөргүчтөр системалары
5 Металл конструкцияларын даярдоо
6 Бекемдөө жана гидроизоляция
7 Терезелерди коюу/айнектөө
8 Сырткы жана ички каалгалар
9 Приводдорду кошо алганда ролл-капкактар
10 Электр иштери
11 Механикалык иштер
12 Бөлүштүрүү станциялары үчүн атайын электр жабдууларын, генераторлорду жана бөлүштүрүү жабдууларын берүүчүлөр
13 Жуучу станциялары үчүн атайын механикалык жана вентиляциялык жабдууну берүүчүлөр
14 Жыгач устачылык иштери
15 Жүк көтөрүмдүүлүгү 80 т автомобильный кран
16 Тепкичтерди жана таянгычтарды даярдоо үчүн металлдан архитектуралык буюмдар
17 Кирпич жана блок материалдарын кыноо
19 Жылуулук танкын даярдоо жана орнотуу
20 Аспаптык жабдууну пайдалануу менен иштерди аткаруу
21 Санитардык фаянс жана сантехникалык иштер, дааратканалар жана раковиналар

Тандоого катышуу үчүн өзүнүн адистешкен тармагы жөнүндө маалымат жана түшүндүрүүчү жазууну берүү зарыл. Жогоруда көрсөтүлгөн иштерди аткаруу үчүн зарыл билим, тажрыйба жана материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ арыз берүүчүлөр такташуучу диалог жана контракттын шарттарын талкуулоо үчүн чакырылышат.
Бардык суроолорду жана сунуштарды 2013-жылы 8-мартка чейин төмөнкү электрондук почтага жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз: kumtor_localbuyer@kumtor.com