«КУМТӨР» САРУУЛУКТАРДЫН СУРАНЫЧЫН АТКАРДЫ

«КУМТӨР» САРУУЛУКТАРДЫН СУРАНЫЧЫН АТКАРДЫ

Жарыяланган: 11 March 2014

2013-жылдын май айында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында нааразычылык акциясы башталган. Анда жергиликтүү калк «Кумтөр» ишканасына бир катар талаптарды коюшкан эле. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде айылдыктардын жана өкмөттүн кайрылуусунан улам аталган компания ал талаптарды аткарууга убада берген. Алардын арасында Саруудагы Садык Сыдыков атындагы орто мектептин спорт залын толук капиталдык оңдоп-түзөп берүү да бар болчу. Анткени мектептин тактайы авариялык абалга кептелип, ал жерде дене тарбия сабагын өткөрүү кооптуу болуп калган.

3 МИЛЛИОН СОМГО ЖАКЫН АКЧА БӨЛҮНГӨН

Спорт залды калыбына келтирүү иштери былтыркы жылдын июль айында башталган. Миңдей бала окуган бул мектептин спорт залын оңдоого «Кумтөр» компаниясы 3 миллион сомго жакын каражат сарптап, үстүбүздөгү жылдын 28-февралында анын ачылышын өткөрдү.
Оңдоо иштерин жергиликтүү подряддык уюм «Саруу курулуш» ЖЧКсы жүргүздү. Залга пластикалык эшик-терезелер орнотулуп, электр өткөргүчтөрү толук алмаштырылган. Анын шыбы жана дубалы оңдолуп, заманбап жылытуу системи менен жабдылды. Мындан сырткары жарыктандыруу, спорттук конструкцияларды алмаштыруу иштери да аяктап, жаңы пол төшөлгөн.

Замир Абдыразаков, мектептин директору:«КЫШЫНДА АБДАН СУУК ЭЛЕ»

Иш-чаранын жүрүшүндө мектептин директору Замир Абдыразаков 1978-жылы курулган мектептин спорт залына бир жолу да оңдоо иштери жүргүзүлбөгөнүн айтып, буга демөөрчүлүк кылган «Кумтөр» ишканасына рахматын айтты. Ал «Кумтөрдүн» жетекчилерине ыраазычылык каттарын тапшырып жатып, мындан ары мектептин бул спорт залында облустук жана райондук спорттук мелдештер өткөрүлөрүн ишенимдүү кошумчалап өттү. «Залдын тактайы чирип, ным тартып тургандыктан, ал жерде сабак өтүү абдан кооптуу болчу. Кышында абдан суук эле. Эми, буюрса, бул залдан дүйнөлүк деңгээлдеги атактуу спортчулар чыгарынан күмөнүм жок»,- деди ал.

«МЫКТЫ СПОРТЧУЛАРДЫ ӨСТҮРӨБҮЗ»

Беш жылдан бери аталган мектепте дене тарбия мугалими болуп иштеген Калысбек Атенов мындан ары бир катар секциялар иштей тургандыгын маалымдады. Ал жетектеген волейбол секциясы келечекте ийгиликтерди багындырарына убада берди. «Кудайга шүгүр, залыбыз жаңырды. Буюрса, балдарды тарбиялап, эл аралык деңгээлдеги спортчуларды өстүрүп чыгарабыз»,- деп кошумчалады ал.
Иш-чарада мектеп окуучулары чеберчиликтерин көрсөтүшүп, ачылышка келген 150дөй конокторго концерттик программа даярдашыптыр. Анда оюн көрсөткөн Адил Садыков күрөштүн классикалык түрү менен эки жылдан бери машыгарын айтты. 4«А»-класста окуган Адил математика сабагын жакшы көргөнү менен, күнүгө эки сааттык машыгуусун калтырбайт. «Мен чоңойгондо Данияр Көбөновдой болгум келет. Кыргызстандын желегин көтөргөн балбан болом»,- деген жаш патриот спорт залдын калыбына келтирилгенине кубанганын жашырган жок.

“Супер Инфо” гезитти, 7 март 2014 ж.