«Кумтɵр Голд Компани» Ысык-Кɵл областынын балдарын Жаӊы жыл менен куттуктады

«Кумтɵр Голд Компани» Ысык-Кɵл областынын балдарын Жаӊы жыл менен куттуктады

Жарыяланган: 31 December 2015

«Кумтɵр» компаниясы ушул жумада Ысык-Кɵл областынын Жети-Ɵгүз жана Тоӊ райондорунун, ошондой эле Балыкчы жана Каракол шаарларынын балдарына 3000ге жакын белек берди.Салттуу жаӊы жылдык белектерди аз камсыз болгон үй-бүлɵлɵрдүн, ошондой эле балдар үйлɵрүнүн жана ɵзгɵчɵ муктаждыктары бар балдар үчүн реабилитациялык борборлордун тарбиялануучулары алышты. Белектерди Жети-Ɵгүз районунун мектептеринин баштапкы класстарынын жана Тоӊ районунун отуз мыкты окуучусу да алышты. Чек арага жакын бийик тоолуу Ак-Шыйрак айылынын балдары да кɵӊүл буруусуз калышкан жок.

Жаӊы жылдык таттуулар жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен жеткирилди, алар балдардын тизмелерин түзүштү жана область боюнча жаӊы жылдык эртеӊ мененки кечелерди уюштурушту. Ɵз тарбиялануучулары үчүн белектерди алышкан уюмдардын катарына тɵмɵнкүлɵр кирди: Балыкчы шаарынын «Майып балдар коому» КУсу, «Тянь-Шандын балдары» балдар жайы, Тоӊ районунун «Хадича» балдар үйү, «Шоола Кɵл» реабилитациялык борбору, ошондой Жети-Ɵгүз районунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жайлары жана борборлору жана Каракол шаарынын балдар үйү.

Кɵлдүк балдарды куттуктоого компаниянын кɵптɵгɵн кызматкерлери кошулушту. Компаниянын финансы бɵлүмү Тоӊ районундагы «Хадича» балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн жылуу кийим чогултту. Кийим кызматкерлер тарабынан ар жылдык гольф-турнир убагында чогултулган каражаттарга сатылып алынган жаӊы жылдык белектер жана таттуулар менен кошо балдарга жеткирилди.

Балыкчыдагы «Тянь-Шандын балдары» кризистик борбору үчүн майрамды 25-декабрда компаниянын ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери жана ɵнɵктɵш уюм – Шаардын балдар билим берүү борбору уюштурушту, алар концерттик программа даярдашкан. Майрамдык иш чарага 80ге жакын бала катышты.

«Компания борборубуздун балдарын жаӊы жылдык белектер менен камсыздоо ɵтүнүчүбүздү биринчи жолу аткарып жаткан жок. Үй-бүлɵлɵрү татаал турмуштук кырдаалда калган балдар үчүн мындай акцияларды ɵткɵрүү ɵтɵ маанилүү, себеби айланадагылардын кɵӊүл буруусу жана жакшылыгы балдардын жакшылыкка ишенүүсүнɵ жардам берет эмеспи», – деп белгиледи борбордун директору Дмитрий Трофимов.