«Кумтөрдүн» социалдык саясаты – жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү

«Кумтөрдүн» социалдык саясаты – жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү

Жарыяланган: 25 June 2014

2013-жылы жергиликтүү рынокто канадалык компания тарабынан сатылып алынган товар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдүн көлөмү 68 миллион долларды түздү. «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасынын жергиликтүү калк менен иштөөсүндөгү бирден бир приоритети – кыргызстандык өндүрүүчүлөрдү колдоо. Компания жылдан жылга жергиликтүү рыноктон сатып алуулардын көлөмүн максаттуу түрдө көбөйтүп жатат. Бул саясат – «Кумтөргө» өзүнүн социалдык жоопкерчилигин аткаруу жолдордун бири.

КГКда бүгүнкү күндө жергиликтүү сатып алууларды ишке ашыруу тармагында эмне жасалып жаткандыгы жана анын келечек пландары кандай экендигин «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын камсыздоо боюнча вице-президенти Лесли Лоу баяндайт.Лесли Лоу

Кыргызстандагы айрым эксперттер сиздердин компанияны ири өнөр жай объектиси катары эле карабаш керек деп эсептешет жана анын республиканын экономикасын өнүктүрүүдөгү ролу жөнөкөй кенге караганда кыйла жогору. Сиз буга кошуласызбы?

КГК өзүнүн ролун Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө колдон келишинче салымын кошуудан көрөт. Ошондуктан биз компания менен Кыргыз Республикасынын эки тараптуу пайдалуу кызматташууну улантуу үчүн КГК керектеген товар жана кызматтардын көлөмүн жана ассортиментин көбөйтүүгө тынымсыз умтулабыз. Бүгүнкү күндө 600дөн ашуун жергиликтүү кызмат жана товар ташуучулар менен иштешип, алардан жылыга 11 миңден ашуун аталыштагы өндүрүм алып жатабыз. Келишим негизинде көрсөтүлгөн, анын ичинде ижарага техника алуу менен байланышкан кызматтардын басымдуу көпчүлүгү жергиликтүү ишканалар жана Ысык-Көл облусунун тургундары тарабынан көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө КГКнын сатып алууларынын жалпы көлөмүндө жергиликтүү өндүрүмдүн үлүшү кандай?

2013-жылы жергиликтүү рыноктон сатылып алынган товар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдүн көлөмү 68 миллион АКШ долларды түздү. КГКнын Кыргызстанда өндүрүлбөгөн капиталдык жабдуу, тетиктер, реагенттер, негизги чыгымдалуучу материалдар, отун ж.б. сатып алууларга чыгымдарын эске албаганда жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн КГКнын сатып алууларындагы үлүшү 57,6 пайызды түздү, ал эми тышкы сатып алуулардын көлөмү 42,4 пайыз болду.

Сиздер жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн продукциянын кандай түрлөрүн аласыздар?

Жергиликтүү рыноктон биз продукциянын кеңири ассортиментин сатып алабыз. Негизи биз жергиликтүү рыноктон товар жана кызматтарды мүмкүн болушунча көбүрөөк сатып алууну каалайт элек, анткени мунун жыйынтыгында кошумча жумуш орундары пайда болоорун жакшы түшүнөбүз. Бул азык-түлүк, кийим жана колкаптардан тарта абразивдүү материалдар жана акиташка чейинки ар түрдүү товарлар болушу мүмкүн.

Сиздер жергиликтүү рыноктон сатып алуулардын көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатасыздарбы?

Биз буга абдан умтулуп жатабыз. Биз ишенимдүү стратегия иштеп чыктык, ал бизге жергиликтүү товарларды жана кызматтарды керектөөнүн көлөмүн сан жагынан дагы, ошондой эле наркын дагы көбөйтүүнү камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Бул стратегиялар КР сыртынан сатып келүүлөрдүн номенкулатурасын жергиликтүү рыноктун пайдасына катуу тартипте карап чыгууну, андан тышкары жаңы өнөктөш ишканаларды издөөдө ММКларга жарнамаларды берүүнү, тендерлерди өткөрүүнү ж.б. уюштурууну камтыйт.
Компанияда Кыргызстандагы сатып алуулар менен алектенген атайы команда иштейт жана биз жаңы ишкерлерге мүмкүнчүлүк берүү менен өзүбүздүн натыйжалуулугубузду жогорулатууну улантып келебиз. Учурда жергиликтүү сатып алууларды кеңейтүү боюнча топту кеңейтүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Албетте, жергиликтүү мекемелер менен иштеп жатып, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызда болгон сапат, тарифтерди, биздин муктаждыктарга жооп берген өндүрүмдүн көлөмүн камсыздоо биринчи орунда экенин унутпайбыз.

Жергиликтүү товар жана кызматтарды тандоодо кандайдыр бир артыкчылыктарга басым жасайсыздарбы?

Ооба, басым жасайбыз. Биринчиден, биз кыргызстандык өндүрүүчүлөргө жана кызмат көрсөтүүчүлөргө артыкчылык беребиз. КГК мындай кылуу аркылуу кошумча жумуш орундарын түзүүгө жардамдашып, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшөрүн түшүнөт. Компания жергиликтүү ишкерлерден сатып алып жаткан эң сонун товарлардан мисал келтире алабыз.
Экинчиден, биз ишкердиктин туруктуу түрлөрүн чыңдоого колдоо көрсөтүп жатабыз. Өлкөдө азырынча өндүрүлө элек продукциянын айрым түрлөрү боюнча импорттун ордун алмаштыруу ишинде көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейбиз.
КГК экологиялык жана юридикалык талаптарды канааттандырган, коопсуздук критерийлерине жооп берген, ошондой эле өнүгүү жана коммерциялык пайдалуулуктун (баа, сапат) критерийлерине дал келген сунуштарды колдойт.
Акырында, биз ошондой эле жергиликтүү дүңүнөн сатуучу ортомчулардын коммерциялык сунуштары КГКны канааттандырса, аларга дагы артыкчылык беребиз. Жергиликтүү сатып алууларды кеңейтүүнүн пайдасына, тышкы рыноктон сатылып алынган продукциянын тизмесин катуу тартипте кайра карап чыгабыз.

Жергиликтүү өндүрүүчү же кызмат көрсөтүүчү өзүнүн товарларын же кызматтарын компанияга өз алдынча сунуштай алабы?
Албетте. Потенциалдуу кызмат же өндүрүм сатуучуларды биз менен www.kumtor.kg. вебсайты аркылуу байланышууга чакырабыз. Биздин жергиликтүү сатып алуулар менен иштеген бөлүм сунуштарды карап чыгат. Эгерде алардын сунуштары компаниянын стандарттарына жана керектөөлөрүнө дал келишсе алар менен байланышат.