«Кумтөр Голд Компани» бюджеттин компания алдындагы карыздарын жабуу мөөнөттөрүн жылдыруу жөнүндө билдирет

«Кумтөр Голд Компани» бюджеттин компания алдындагы карыздарын жабуу мөөнөттөрүн жылдыруу жөнүндө билдирет

Жарыяланган: 09 July 2013

«Кумтөр Голд Компани» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Компания тарабынан салыктар боюнча өткөн жылы жасалган аванс төлөмдөрүн эсепке алуу графигин кайра кароо жөнүндө макулдашууга келишти. Тийиштүү документке 2013-жылдын июнунда КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы менен кол коюлду.

2012-жылы карьердин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү муз массаларынын жана бош тектердин кыймылынын тездешинен улам келип чыккан өндүрүштүк планды кайра кароого байланыштуу жана КРнын Өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде дүң кирешеге салык боюнча 30 миллион АКШ доллары өлчөмүндө аванс төлөө жөнүндө келишимге жетишилген. Алдын ала төлөмдөр 2012-жылдын аягында жана 2013-жылдын аралыгында бөлүк-бөлүк менен эсепке алынууга тийиш болгон. 2013-жылдын июнуна карата 30 миллиондон 4 миллион доллар жабылган.

Быйылкы жылы Өкмөт компания алдындагы болгон карызды эске алуу менен дүң кирешеге салык боюнча төлөмдөрдүн графигин кайра кароо сунушу менен кайрадан компанияга кайрылды.

Жаңы макулдашууларга ылайык, дүң кирешеге салык боюнча алдын ала төлөмдү эсепке алуу 2013-жылдын сентябрына чейин калтырылды. Жылдын аягына чейин бюджеттин компания алдындагы 16 миллион доллар карызынын жабылышы пландаштырылууда, а калган 10 миллион доллар калдыкты жабуу 2014-жылга каралган.