«Кумтɵр Голд Компани» курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча жылдык отчетун чыгарды

«Кумтɵр Голд Компани» курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча жылдык отчетун чыгарды

Жарыяланган: 04 August 2017

«Кумтɵр Голд Компани» 2016-жыл үчүн курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча отчетун чыгарды. Отчет мамлекеттик бийлик органдарын, ɵкмɵттүк эмес секторду жана кеӊири коомчулукту кен ишканадагы жаратылышты коргоо ишмердүүлүктүн абалы жана Компания тарабынан курчап турган чɵйрɵнү коргоодогу аткарылган иш чаралар жɵнүндɵ маалымдоону көздөйт. Отчетторду жарыялоо маалыматтык ачыктык жана бардык кызыкдар тараптар менен конструктивдүү диалогду колдоо үчүн Компаниянын ыктыярдуу демилгеси.

Отчеттун форматы Глобалдык отчеттуулук демилгесинин, Тоо-кен өндүрүшү менен металлургиялык сектордо отчетуулкка Кошумчанын талаптарына жооп берет. Отчеттогу маалыматтардын мазмунун, алкагын жана чектерин аныктоодо Компания үчүн да, бардык кызыкдар тараптар үчүн да эӊ олуттуу маселелерге токтолдук. Бул Отчетту Глобалдык отчеттуулук демилгесинин эксперттери текшерүүдɵн ɵткөрдү жана Глобалдык демилгенин бардык талаптарына ылайыктуу деп таанылды.

Отчет Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга жана китепканаларга таратылат.

«Кумтɵр Голд Компанинин» 2016-жыл үчүн курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү жɵнүндɵ жылдык отчету бардык кызыккандарга орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. Кыргыз тилиндеги Отчет биразда жеткиликтүү болмокчу.