«Кумтɵр Голд Компани» курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү жɵнүндɵ жылдык отчетун чыгарды

«Кумтɵр Голд Компани» курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү жɵнүндɵ жылдык отчетун чыгарды

Жарыяланган: 16 September 2016

«Кумтɵр Голд Компани» 2015-жылга Курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү жɵнүндɵ отчетун сунуштады. Отчет мамлекеттик органдарга, ɵкмɵтүк эмес секторго жана коомчулукка «Кумтɵр» кен ишканасындагы экологиялык кырдаал жана компания курчап турган чɵйрɵнү коргоо боюнча кɵрүп жаткан чаралар жɵнүндɵ маалымдайт. Бул отчетту жарыялоо компаниянын ыктыярдуу демилгеси болуп саналат, ал маалыматтык ачыктыкты жана бардык кызыкдар тараптар менен конструктивдүү диалогду колдоого багытталган.

Бул отчет Отчеттуулуктун глобалдык демилгесинин (GRI – Global Reporting Initiative) Туруктуу ɵнүктүрүү тармагындагы тɵртүнчү муундагы (G4) нускамасына жана Тоо-кен-металлургиялык сектор үчүн тиркемеге ылайык келүүчү форматта түзүлгɵн. Бул «Кумтɵр» компаниясынын Жаратылышты коргоо иш чараларынын планында камтылган негизги талаптарга дал келүүнү камсыз кылуудагы кошумча чара болуп саналат. Бул отчеттун маселелерди чагылдырууну камтуу чɵйрɵсүн, мазмунун жана чектерин аныктоодо компания жана кызыкдар тараптар аныктаган олуттуу нерселер эске алынган. Отчет Отчеттуулуктун глобалдык демилгесинин (GRI – Global Reporting Initiative) баалоосунан ɵттү жана GRI G4 алкактарынын сакталышын тастыктаган белги алды.

Чыгарылган отчет Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга жана китепканаларга жɵнɵтүлгɵн.

«Кумтɵр Голд Компанинин» 2015-жылга Курчап турган чɵйрɵнү коргоо боюнча жылдык отчету бардык кызыкдар тараптар үчүн орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. Отчеттун кыргыз тилиндеги версиясы убакыттын ɵтүшү менен жеткиликтүү болот.