«Кумтɵр Голд Компани» операциялык ишмердүүлүгүн транспорттоо боюнча тастыктоочу Эл Аралык Цианид Жөндөө Кодекс Сертификатын алды

«Кумтɵр Голд Компани» операциялык ишмердүүлүгүн транспорттоо боюнча тастыктоочу Эл Аралык Цианид Жөндөө Кодекс Сертификатын алды

Жарыяланган: 11 November 2015

«Кумтөр Голд Компани» ишмердүүлүгүндө цианид транспорттоону Эл аралык кодекстин талаптарына толук ылайык жүргүзөөрүн күбөлөндүргөн Эл аралык цианид колдонуу институнун сертификатын тастыктады.

Эске салак, 2012-жылы «Кумтɵр» Цианидди пайдалануунун эл аралык институтунун сертификатын алган, ал үч жыл сайын тастыктоону талап кылат.

Бул сертификатты алуу үчүн «Кумтɵр Голд Компани» цианидди транспорттоого, сактоого жана алтын ɵндүрүүдɵ пайдаланууга тийиштүү бардык процедуралардын жана документациялардын аудитинен жана тыкан текшерүүсүнɵн ɵттү. Цианид пайдалануунун эл аралык институту тарабынан тандалган кɵз карандысыз эксперттер транспорттоо, сактоо, компаниянын бардык процедуралары жана операциялары Цианидди пайдалануунун эл аралык кодексинин принциптерине ылайык жүзɵгɵ ашырылып жаткандыгы жɵнүндɵ корутунду беришти.

Кɵз карандысыз эксперттер жүргүзгɵн анализдери жана алардын корутундуларынын негизинде «Кумтɵр Голд Компани» транспорттоого жана операцияларга тиешелүү сертификаттарды алып, ал кайрадан үч жылдан кийин тастыктоону талап кылат.

Маалымат үчүн: Цианидди пайдалануу кодекси цианидди пайдалануу менен алтын ɵндүрүүгɵ катышкан компаниялар жана цианид ɵндүргɵн жана траснпорттогон компаниялар үчүн ыктыярдуу тармактык программа. Ал БУУнун Курчап турган чɵйрɵ боюнча программасынын алдында иштелип чыккан. Бул Кодекс ɵндүрүштүк процесс жүргүзүлүп жаткан ɵлкɵлɵрдүн аракеттеги мыйзамдары жана нормативдик актылары менен белгиленген учурдагы милдеттенмелерине жана нормаларына кошумча кабыл алынган.
Цианидди пайдалануунун эл аралык институту (ICMI) Кодекстин стандарттарын жайылтуу жана киргизүү, анын кармануунун сапатын баалоо, ошондой эле компанияларды сертификаттоо процессин башкаруу үчүн түзүлгɵн.
Цианидди пайдалануунун эл аралык институтунун иши жɵнүндɵ маалымат жана сертификаттоодон ɵткɵн компаниялардын тизмеси тɵмɵнкү сайтта жеткиликтүү: www.сyanideсode.org