«Кумтөр Голд Компани» өндүрүштөгү окуя тууралуу билдирет

«Кумтөр Голд Компани» өндүрүштөгү окуя тууралуу билдирет

Жарыяланган: 25 January 2016

«Кумтөр Голд Компани» өткөн түнү Кумтөр кениндеги өндүрүштө болгон кырсык тууралуу терең кайгыруу менен билдирет.

Инцидент алгачкы майдалоо участогунда, участоктогу ишин аткарып жатып, инциденттин кесепетинен каза тапкан КГК кызматкеринин катышуусунда болгон. Окуя тууралуу каза тапкан кызматкердин үй-бүлөсүнө кабар айтылып, тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирилди. Кен ишканага окуяны иликтөө үчүн Жети-Өгүз РИИБдин иликтөө тобу келди. Компания окуяга ички иликтөө баштады. Ошондой эле атайы иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын комиссиясы түзүлүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыктары соңуна чыкканда билдирилмекчи.