«Кумтөр Голд Компани» Нарын дарыясына экологиялык көзөмөлдү жакшыртты

«Кумтөр Голд Компани» Нарын дарыясына экологиялык көзөмөлдү жакшыртты

Жарыяланган: 07 July 2016

Айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө программасынын алкагында Нарын дарыясына экологиялык мониторинг жүргүзүүнү жакшыртуу үчүн онлайн режиминде иштеген жаңы датчиктер орнотулду. Нарын сууну көзөмөлдөө 2014-жылдан бери Нарын мамлекеттик универститетинин илимпоздор тобу менен биргеликте аткарылат. Жаңы датчиктер атайы тапшырык менен Канададан алыныган жана суу сапатынын көрсөткүчтөрүн 15 мүнөт сайын ченейт. Бул суу сапатынын 24 саат ичидеги абалын толук чагылдырып, өзгөрүүлөрдүн динамикасына көзөмөлдүн маалыматы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча отчетторго кирет.
naryn_river2
Нормативдик базаны сактоо боюнча бөлүмдүн экология боюнча башкы адиси Айбек Абдувалиев компания Нарын суудан үлгү алуу милдетин экология бөлүмүнөн нарындыктардын жамаатына өткөрүп бергенин тактады. «2012-жылы Нарын суусуна тийиштүү экологиялык мониторинг жок деп, өкмөт «Кумтөргө» доомат кое баштаган. Биз НМУ менен сүйлөшүүүлөрдү жүргүзүп, НМУнун илимий кызматкери, доцент Эрмек Байбагышев жетектеген топ түзүлүп, жума сайын үлгү алып турууга келишим түзүлгөн» – деп маалымдады А.Абдувалиев. Үлгү алуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта кабыл алынган процедуралар боюнча алынат. КГК жана Нарын мамуниверситети ортосундагы келишимдин шарттары боюнча бардык керектелүүчү жабдыктар менен камсыздоо каралган. Андан сырткары, айрым бактериологиялык булганычтардын түрлөрүн аныктоого лабораториялык жабдуу тапшырылган.
naryn_river1
Э.Байбагышев датчиктер суунун электр-өткөрүмдүүлүгүн жана деңгээлин 15 мүнөн сайын ченейт деп белгиледи. Үч аспап Нарын сууну бойлой шаардын ичинде, Чоң жана Кичи Нарын сууларынын жээктеринде орнотулду. «Үлгүлөр да шаардын башталышында, ортосунда жана этегинде жума сайын алынат. Ал эми жаңы датчиктердин маалыматын айына бир жолу алып турабыз». «Кумтөр Голд Компанинин» мониторинг программалары кыргыз жана эл аралык стандарттарга негизделген. Нарын Нарындан алынган үлгүлөр Кара-Балтадагы көз карандысыз Stewart Assay and Environmental Laboratories LLC (SAEL) компаниясынын лабораториясынан анализден өтөт. «Кумтөр» үлгү алуу программасы менен процедураларын кайра караштырып, маселен, Нарын суунун сапатын каттоочу жаңы датчиктерди орнотуу сыяктуу, талап кылынганда жакшыртып турат.