«Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкерлери жайлоодогу кɵчмɵ бала бакчада билим берүүчү мастер класстарды ɵткɵрүштү

«Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкерлери жайлоодогу кɵчмɵ бала бакчада билим берүүчү мастер класстарды ɵткɵрүштү

Жарыяланган: 14 August 2015

Августта компаниянын 20 кызматкери жана алардын балдары «Жайлоодогу бала бакчалар» долбоорунун алкагындагы кɵчмɵ бала бакчанын биринде күнү бою болуу үчүн Жети-Ɵгүз районунун Кɵк-Жайык жайлоосуна барышты. Мурда компания Ысык-Кɵл облусунун Тоӊ жана Жети-Ɵгүз райондорунун бала бакчаларын кеңсе буюмадры жана китептер менен камсыздаганын эске сала кетели.

Компаниянын кызматкерлери кагаздан буюмдарды жасоо боюнча мастер класстарды ɵтүп, балдарды оригами искусствосу менен тааыштырышты. Улуураак балдар үчүн кийизден буюмдарды жасоо боюнча мастер класс уюштурулду – кыздар өздөрүнө сɵйкɵ менен билериктерди жасап алышты. Кичүү курактагы балдардын кыймыл-аракетин ɵнүктүрүү үчүн бир катар кɵнүгүүлɵр даярдалган.

Ар бир балага белек катарын самын кɵбүк чыгарган оюнчук жана быйыл компаниянын колдоосу менен чыгарылган кыргызча макал-лакаптар китеби тапшырылды. Каалоочуларга аквагримм жасалып, алар жакшы кɵргɵн мультфильмдердин каармандарына айланышты. Кырктай бала борбордон келген коноктор үчүн ырдап-бийлеп, кызматкерлердин жана алардын жаш жардамчыларынын аткаруусундагы музыкалык номерлерди угушту.

«Биз балдарды кагаздан жаныбарларды, гүлдɵрдү, жада калса кийизден буюмдарды жасаганды да үйрɵттүк, анткени жайлоодо дайыма жүн кенен, алар мындан ары да ɵздɵрү жана апалары үчүн ар кандай кооз буюмдарды жасоону улантышат деп үмүттɵнɵбүз. Жаанга карабастан, биз дем алыш күндү ушундай демилгеге арнаганга жана бул эӊ сонун кɵчмɵ бала бакчалардын тарбиялануучуларынын билим алуусуна салымыбызды кошконго ɵтɵ кубанычтабыз», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» администрациясынын менеджери Гүлмира Турдубаева.

Маалымат үчүн:
«Жайлоодогу бала бакчалар» долбоору жайлоого чыккан малчылардын балдарына мектепке даярданууга мүмкүндүк берет. Окутуучулар күнүнɵ үч сааттан сүйлɵɵнү, эсептɵɵнү жана башка зарыл кɵндүмдɵрдү ɵнүктүрүүчү сабактарын ɵтүшɵт.
«Жайлоодогу бала бакчалар» – билим берүүгɵ бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган долбоор. Ал алыскы райондордо жайгашкан, жетүүгɵ кыйын болгон, бийик тоолуу жайыттарга кɵӊүл бурат. Кɵчмɵ бала бакчалар мектепке чейинки курактагы балдарга базалык билим берүү үчүн бардык зарыл нерселер менен жабдылган боз үйлɵрдɵ жайгашкан. Алыскы жайыттарда электрдин, оюн аянтчаларынын, китептердин, компьютерлердин жана эӊ башкысы кесипкɵй мугалимдери менен борборлордун жоктугунан улам, бала бакчаларга мектеп курагындагы балдар бара башташты. Быйыл долбоор камтуусун кеӊейтти жана эми ɵзүн «Балдардын ɵнүктүрүү борборлору» катарында кɵрсɵтүүдɵ.