«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл облусундагы балдарды келаткан Жаңы жыл менен куттуктайт

«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл облусундагы балдарды келаткан Жаңы жыл менен куттуктайт

Жарыяланган: 31 December 2014

«Кумтөр» компаниясы ушу аптада Жаңы жылдык майрамдарга карата 2000ге жакын белектерди Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз менен Тоң райондорундагы жана Балыкчы, Каракол шаарларындагы балдарга тапшырды. Салттуу болуп калган белектерди аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары, балдар үйлөрүнү менен реабилитациялоо борборлорнунун өзгөчө муктаждыктары бар тарбиялануучулары алышты.

Белектер жаңы жылдык майрамдарды уюштурууну көзөмөлгө алган аймактагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын колдоосу менен жеткирилди. Өз тарбиялануучуларына белек алган өнөнктөш уюмдардын арасында «Майып балдар коому» КБси, Балыкчы шаарындагы «Тянь-Шандын балдары» балдар үйү, «Хадича» балдар үйү, Тоң районунун «Шоола Кол» реабилитациялоочу борбору, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Жети-Өгүз райнунундагы балдар үйлөрү менен борборлору жана Каракол шаарындагы балдар үйү бар.

«Кумтөр Голд Компани» кичинекей кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, бекем ден соолук жана аруу тилектердин орунадылышын каалайт!