«Кумтɵр» компаниясы БААУда Карьера-2016 жарманкесинин башкы ɵнɵктɵшү болду

«Кумтɵр» компаниясы БААУда Карьера-2016 жарманкесинин башкы ɵнɵктɵшү болду

Жарыяланган: 25 April 2016

2016-жылдын 23-апрелинде Борбор Азиядагы Америка университетинде (БААУ) өткөн Карьера-2016 жарманкесинде «Кумтɵр» компаниясы иш чаранын негизги, платина ɵнɵктɵшү болду.

Жарманкенин башкы максаты – студенттер жана иш берүүчүлɵр үчүн адистештирилген аянтча түзүп, башкача айтканда, бүтүрүүчүлɵргɵ – ишке орношууда, ал эми иш берүүчүлɵргɵ – квалификациялуу кызматкерлерди табууда жардам кɵрсɵтүү, ɵз ара тажрыйба бɵлүшүү жана ɵз уюмдарындагы карьералык мүмкүнчүлүктɵр жɵнүндɵ айтып берүү болду. Жарманкеге катышкандардын саны күтүлгɵндөн кыйла көп болуп, Кыргызстандын түркүн ЖОЖдорунун жогорку курстагы 700дɵн ашуун студенттери менен бүтүрүүчүлɵрү жана 60тан ашуун алдыӊкы ата мекендик жана чет элдик компаниялардын, ошондой эле эл аралык уюмдардын ɵкүлдɵрү келишти.

«Кумтɵр» компаниясынан администрация жана персоналды ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн менеджери Гүлмира Турдубаева жана окутуу жана персоналды ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн кеӊешчиси Норман Бобосел катышып, иш чарага келгендерди куттуктоо менен ɵлкɵдɵгү эӊ мыкты иш берүүчүлɵрдүн катарындагы «Кумтɵр» компаниясы студенттерге вакансиялар, иштɵɵ шарттары, социалдык программалар, кесиптик ɵзүн кɵрсɵтүү мүмкүнчүлүктɵрү жɵнүндɵ биринчи булактан маалымдап, заманбап эмгек рыногунда багыт алууга үйрɵнɵ ала турган Карьера-2016 жарманкеси сыяктуу маанилүү окуянын ɵткɵрүүдɵ өнөктөш болууга кубанычта экенин билдиришти.

«Кумтɵрдүн» презентациялык чатыры жарманкедеги катышуучулардын ичинен эӊ ɵзгɵчɵ жана маалыматка байлардын бири болуп, келгендер компания, мүмкүнчүлүктɵр жана вакансиялар жɵнүндɵ кабардар болушту. «Кумтɵр» персоналды ɵнүктүрүү жана окутуу маселелерине чоӊ кɵӊүл бɵлɵт, ошондой эле тоо-кен тармагындагы, канаатташ тармактардагы кесипкɵйлɵрдүн жаӊы муунуна ресурстарды салат, а эмгектин жагымдуу жана коопсуз шарттарын түзүү – компания үчүн неизги приоритет.

«Биз «Кумтɵр» жана «Билайн» компанияларынан презентацияларды угуп, сессияларда болдук, ишти кантип табуу жана резюмелде эмнелерди сɵзсүз кɵрсɵтүүнү үйрөндүк. Кубанычыбызды сүрөттөөгө сөз жетпейт! Мындай иш чаралардын шаарыбызда кɵп болушун каалайт элек», – дешет Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын 4-курсунун студенттери Асалия жана Кубат.