«Кумтөр Голд Компани» Кумтөр тоо-кен жумуштарынын планы үчүн керектүү жактырууларды алгандыгы жөнүндө жарыялайт

«Кумтөр Голд Компани» Кумтөр тоо-кен жумуштарынын планы үчүн керектүү жактырууларды алгандыгы жөнүндө жарыялайт

Жарыяланган: 13 June 2014

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу (КГК) Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынан 2014-жыл үчүн Кумтөрдүн тоо-кен иштеринин планына керектүү жактырууларды алгандыгын жарыялайт. Ошондуктан, КГК Кумтөр кенинин өндүрүштүк ишмердүүлүгү кадимки режимде улантылаарын тастыктайт.

КГК Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен конструктивдүү иштешүүсүн улантууга даяр экендигин билдирет. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2013-ж. Кумтөрдүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө болгон таасири өлкөнүн ички дүң продукциясынын 7,7% түздү, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндөгү үлүшү 24% түздү, алтындын улуттук экспорттогу үлүшү болсо 36,5% түздү. 2014-ж. биринчи үч айында салыктар, социалдык фондго төгүүлөр, жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө Кумтөрдүн Кыргызстандын бюджетине салымы жалпысынан 2,23 миллиард сом же 41 миллион АКШ долларын түздү.

Кен казуу жайында тикелей иштеген 3 000 адамдын ичинен 96%-дан ашуун Кыргызстан жарандары. Андан тышкары 7 000-ден ашуун адам Кыргыз Республикасынын тийиштүү өндүрүштөрүндө эмгектенип, Күмтөргө өз кызматын көрсөтүп келе жатат. Кумтөр кени 600 ар кандай Кыргыз мекемелеринен 11 000-ден ашуун товар аттарын сатып алып, жергиликтүү экономикага зор салым кошот. Ай сайын жергиликтүү камсыздоочулардан жалпы сатып алуулар болжол менен 4,8 млн. АКШ долларын түзөт.