«Кумтөр» компаниясы жана Кыргыз агробизнести жабдуу жана өнүктүрүү долбоору Ысык-Көл областында 2 000 га жерди реабилитациялашмакчы

«Кумтөр» компаниясы жана Кыргыз агробизнести жабдуу жана өнүктүрүү долбоору Ысык-Көл областында 2 000 га жерди реабилитациялашмакчы

Жарыяланган: 22 May 2013

Kumtor Operating Company2013-жылдын 22-майында «Кумтөр» жана USAID тарабынан финансылануучу Кыргыз агробизнести жабдуу жана өнүктүрүү долбоору (KAED) Ысык-Көл областынын Ак-Дөбө жана Липенка айыл аймактарында жалпы аянты 2 000 га болгон эки жер участогун реабилитациялоо боюнча биргелешкен долбоорду ишке киргизишмекчи. Долбоорду ачуу аземи Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагында болуп өтөт. Ак-Дөбө айыл аймагында иштерди 2013-жылдын сентябрына, а Липенка айыл аймагында 2013-жылдын ноябрына карата аяктоо пландаштырылууда.

Жерлерди реабилитациялоо боюнча долбоор үчүн талап кылынуучу 200 миң АКШ доллары суммасындагы каражат «Кумтөр» компаниясы тарабынан бөлүнгөн. KAED долбоору жана жергиликтүү фермерлер адистерди жана жүмүшчү күчүн бөлүшмөкчү. Жергиликтүү калк жана KAED тараптан салым 170 миң АКШ долларына жакынды түзөт. Долбоордун негизги максаты – топурактын асылдуулугун жана ирригациялык системаны калыбына келтирүү менен айыл чарба жерлеринин деградациялануу процессин токтотуу.

«Бул долбоор Кыргызстандын түштүгүндө жүргүзүлгөн ийгиликтүү тажрыйбага жана ишке негизделген, ал жерде KAED долбоору 5 участокту реабилитациялаган жана айыл чарба жүгүртүүсүнө 1 700 га жерди киргизген. Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги бул долбоор региондун жашоочулары үчүн масштабдуу жана маанилүү болуп саналат. Липенка айыл аймагындагы биринчи участокто дамба курулмакчы, Самат-Көл насостук станциясы калыбына келтирилмекчи, трансформатордук подстанция орнотулмакчы жана лоток каналдар алмаштырылмакчы. Ак-Дөбө айыл аймагындагы экинчи участокто Суткалык жөнгө салуу бассейнин (СЖБ) тазалоо, суу топтоочу мунаранын ремонту жана СЖБнын дамбасын куруу боюнча иштер жүргүзүлмөкчү», – деп белгиледи KAED долбоорунун жетекчиси Хичмет Демири.

«Кумтөр» компаниясы өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн региондогу жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө сезилээрлик салым кошууда жана жергиликтүү жамаатка областын калкынын көпчүлүгү алектенишкен айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана пайдалуулугун жогорулатуу үчүн жардам көрсөтүүдө. Биздин кызматташуунун натыйжасы – Ак-Дөбө жана Липенка айыл аймактарындагы жердин эки участогунда жерлерди реабилитациялоо 2 000 га жерди айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүгө жардам бергендиги маанилүү», – деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер.