“Кумтөр” – Кыргыз Республикасындагы балдар спортун өнүктүрүү боюнча “Мектеп лигасы” долбоорунун башкы спонсору

“Кумтөр” – Кыргыз Республикасындагы балдар спортун өнүктүрүү боюнча “Мектеп лигасы” долбоорунун башкы спонсору

Жарыяланган: 01 November 2021

Кыргызстандын башкы аренасы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өлкөбүздүн тарыхындагы балдар спортун өнүктүрүү боюнча эң ири улуттук долбоорунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. “Кумтөр” компаниясы “Мектеп лигасы” долбоорунун башкы спонсору болду. Аталган программа өлкө башчынын “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгыннын алкагында ишке ашырылып жатат.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКка тышкы башкаруу киргизилгенден кийин Компания бизнестин социалдык жоопкерчилиги тармагында лидерлердин бирине айланды.  Учурда колдоо ар кандай пландагы долбоорлорго көрсөтүлүп жатат – экологиялык, илимий-билим берүү, кайрымдуулук, социалдык, маданиятты колдоо жана ошондой эле улуттук мурас тармагындагы долбоорлор.

Программа жалпы билим берүү мекемелеринде футбол, волейбол жана баскетбол сыяктуу массалык спортту өнүктүрүүгө багытталган. Ал эми “Кумтөр” командаларды керектүү инвентарь менен камсыздоого милдеттенмени өзүнө алды.

КР Мектеп лигасынын федерациясынын вице-президенти Самат Токтоналиев: “Республиканын бардык мектептерине  спорт инвентарын берүү үчүн олуттуу каражатты бөлүп бергенге макул болгон жалгыз компания бул “Кумтөр”- деп билдирди.  “Мектеп лигасы” спорттун командалык түрлөрүн өнүктүрүү үчүн негиз түзүп, бардык региондордо таланттуу балдарды аныктоого жардам берет.   “Кумтөргө” ыраазычылык билдиребиз. Мен, мектептердин тренерлеринин, окуучулардын жана командалардын оюнчуларынын атынан рахмат айтамын”.

Мектеп окуучуларын алдыда чоң спорттук реформалар күтүп турат. Уюштуруучулардын планы боюнча, ишке ашыруунун биринчи эле жылы программа бүткүл Кыргызстан боюнча 150 миңден ашык  өспүрүм балдарды камтыйт, жана жыл сайын бул көрсөткүч өсөт.