«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Сокулуктагы ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар реабилитациялык борборуна жардам кɵрсɵтүштү

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Сокулуктагы ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар реабилитациялык борборуна жардам кɵрсɵтүштү

Жарыяланган: 29 June 2017

Ишембиде, 2017-жылдын 24-июнунда, «Кумтɵр» компаниясынын администрация жана персоналды ɵнүктүрүү бɵлүмдɵрүнүн, юридикалык жана корпоративдик маселелер боюнча бɵлүм кызматкерлери, ошондой эле компаниянын туруктуу ɵнүктүрүү жана тобокелдерди башкаруу командасы Сокулуктагы ден соолук мүмкүнчүлгү чектелген балдар реабилитациялык борборунда кайрымдуулук акциясы менен болушту.

Жогоруда аталган бɵлүмдɵрдүн кызматкерлери чогулткан каражатка 3 селкинчек, 5 скамейка жасатылып, балдар килемчелери, памперстер, кийимдер, азык-түлүк сатып алынып, борборго жеткирилди.

«Кумтɵрдүн элчилери» бул социалдык мекемеге ɵткɵн жылдан баштап даректүү жардам кɵрсɵтүшөт. Кумтɵрчүлɵр борборго мындан ары да жардам берүүнү ниеттенет жана кийинки жолкусу ушул жылдын июль айына болмокчу.

Сокулук реабилитациялык борбору 2014-жылы мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдарды ɵз алдынча активдүү жашоого мүмкүн болушунча жакшы даярдоого кɵмɵктɵшүү үчүн тарбиялоонун жана окутуунун оптималдуу шарттарын камсыз кылуу максатында түзүлгɵн. Азыркы учурда анда дайыма жардамга муктаж 90дон ашуун тарбиялануучу жашап жатат.