«Кумтɵрдүн» кызматкерлери Кыргызстандагы жалгыз балдар хосписине кезектеги жардамын беришти

«Кумтɵрдүн» кызматкерлери Кыргызстандагы жалгыз балдар хосписине кезектеги жардамын беришти

Жарыяланган: 04 December 2015

2015-жылдын 2-декабрында «Кумтɵр Голд Компани» кызматкерлери Кыргызстандагы жалгыз балдар хосписине кезектеги жардам кɵрсɵтүштү. Бул адистештирилген мекемени эки ай мурда «Помогать легко» коомдук фонду ачкан жана анда дароо эле «Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери колдоого алып, 56 миӊден ашуун сом чогултуп, балдарга оюнчуктарды, китептерди жана тиричилик буюмдарын тапшырышкан. Бул жолу «Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлеринин атынан 13 миӊден ашуун сом жана бөбөктөр үчүн жомоктор жыйнагы тапшырылды. «Помогать легко» фондунун жетекчиси Динара Аляева жардам жана колдоо үчүн зор ыраазычылык билдирет жана «Кумтɵрдүн» кызматкерлери берип жаткан каражаттар жаш бейтаптардын хосписте болуусун мүмкүн болушунча жайлуу кылып жатышкан эмчи айымдардын эмгек акыларына жумшаларын айтты.
2015-жылдын 2-декабрындагы кайрымдуулук акциясына компаниянын тɵмɵнкү кызматкерлери салым кошту: Гүлиза Тавалдиева, Дарья Кайбулдаева, Наталья Перлова, Гүлмира Турдубаева, Раушан Джумабекова, Тимур Осмонов, Мурат Ɵзбеков, Жамиля Ɵмүрзакова, Анна Липко, Гүлшайыр Үсɵнова, Дина Абдыкеримова, Айгүл Сатыбаева, Нурзат Мамытова, Арстан Жоошбаев, Чынара Асанакунова, Гүлзина Шамырбаева, Асель Майчакова, Зумрад Хайтматова, Алмаз Токтосунов, Акыл Дүйшɵмбиев, Элеонора Котюк, Елена А. Попова, Назгүл Оскоева, Мирлан Кимсанов, Марина Гаврилова, Валентин Чернышов, Минара Иманова, Айша Жаналиева, Наталья Попова, Жылдыз Женалиева, Назгүл Нуранова, Елена Евсеева, Куваныч Кожегулов, Ольга Медоева, Калысбек Абдыгазиев, Елена Королева, Максат Кадыралиев, Арнол Самиев, Дастан Кубат уулу, Назгүл Күлембекова, Асель Ибраева, Чынгыз Сулайманов, Айбек Айткулиев, Болот Асанакунов, Эмиль Мамырканов, Жолдош Кененбаев, Анара Ɵтɵгɵнова, Сергей Петров, Владимир Саломатов, Виктор Беляев, Карина Тохлукова.
Оорулуу балдарга «Помогать легко» фонд аркылуу жардам берүү демилгеси туруктуу жана «Кумтɵрдүн» ыктыярчылары ар айда колдон келген жардамын бɵлүшɵт. Быйыл «Кумтɵрдүн» кызматкерлери Бишкектеги Балдар онкологиясы бɵлүмүнүн бейтаптары үчүн оорутпоочу медикаменттерди сатып алууга 80 миӊ сом чогултуп беришкен
Children's_Hospice_3

Children's_Hospice_2

Children's_Hospice_1