«Кенчи Периси-2015» сулуулук жана чыгармачылык сынагында «Стиль Периси» наамын «Кумтөр» компаниясынын кызматкери утуп алды

«Кенчи Периси-2015» сулуулук жана чыгармачылык сынагында «Стиль Периси» наамын «Кумтөр» компаниясынын кызматкери утуп алды

Жарыяланган: 29 September 2015

«Стиль Периси-2015» номинациясында «Кенчи Периси-2015» сулуулук жана чыгармачылык сынагында «Кумтөр» компаниясынын кызматкери Анара Сейдекбекова эң мыкты деп табылды. Иш чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Кыргыз Деңизи» санаторийинде 2015-жылдын 17-сентябрында, Кыргызстан тоо-кенчилер жана металлургдардын II Спартакиадасынын алкагында өткөрүлдү.

Кыргызстан тоо-кен өндүрүшүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдарда эмгектенген 20дан 35 жашка чейинки сулуулардын сынагы өлкө тарыхында биринчи жолу болду. Уюштуруу демилгеси Геология жана минералдык ресурстар мамагенттиги, Кыргызстан тоо-металлургиялык профсоюзу жана Ыктыярдауу дене тарбия жана спорт коомуна таандык. Бул сынакты жылыга өткөрүү максаты коюлду.

Сынакка бардыгы 17 кыз катышкан. Ишчара бекеринен сулуулуктун эле эмес, чыгармачылыктын жа сынагы деп аталганы жок. Кенчи сулуулар беш багытта: тааныштыруу, этно үлгүсүндөгү көйнөкчөн улуттук бий, пляж образы, чыгармачылык номер жана кечки дефиледе өзгөчө өнөрлөрүн көрсөтүшү талап коюлган.

Анара Сейдекбекова биздин компанияны абдан татыктуу көрсөттү. Fashion Girl ырынын кавер-версиясын аткарып, бүт залды маанай-шатка бөлөп, мыкты беш сулуунун катарына кирди. Жыйынтыгында «Стиль Периси-2015» номинациясына диплом менен атайы белек тапшырылды.

Анараны ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, дагы көптөгөн жеңиштерди каалайбыз!