«Кумтөр» компаниясынын адиси Гана Республикасында тоо-кен техника шиналарын техникалык тейлөө боюнча уникалдуу билим алып келди

«Кумтөр» компаниясынын адиси Гана Республикасында тоо-кен техника шиналарын техникалык тейлөө боюнча уникалдуу билим алып келди

Жарыяланган: 09 September 2016

«Кумтөр Голд Компанинин» адиси Мирбек Курманбаев тоо-кен техника шиналарын техникалык тейлөө боюнча дүйнөлүк лидер «Кал Тайер» (Kal Tire) компаиясында алты айлык окуудан соң ишке киришти. Стажировка батыш африкалык Гана Республикасы, атактуу «Тарква» (Tarkwa) алтын кенинде өткөн.

«Тарква» кенин иштетүү ыкмасы «Кумтөр» кенине жакындашкан жана окутуу жерин тандоодо негизги себеп болгон. Тренингтин программасы уникалдуу жана атайы «Кумтөр Голд Компани» адиси үчүн иштелип чыккан. Мирбек өзүнүн насаатчысы Винсент Мвула менен «Тарквадан» башка эки, «Кал Тайер» компаниясы менен кызматташкан кен ишканаларда да болгонун билдирет. Андан сырткары, колдонулган шиналарды калыбына келтирүүчү профилдик компаниянын иши менен жакындан таанышкан.

Алты айда Мирбек тоо-кен техника шиналарын экплуатациялоону узартуу жана оңдоо теориясын окуп, иштеп жаткан кендерде тажрыйба алган. Мирбек барган ишканалардын барында коопсуздук техника нормаларынын сакталышына жогору баа берет. «Кызматкерлердин саламаттыгы жана коопсуздугу» – биздин «Кумтөр» кениндегидей эле эң башкы приоритет. Климаттык жана геофизикалык айырмачылыктар албетте бар. Мисалы, бизде жолдордун муз каптоосуна байланышкан тобокелдер болсо, ал жакта питондун кол салуу тобокели бар. Биздин компания коопсуздук техникасын сактоо боюнча Кыргызстанда эң мыкты, ал эми дүйнөнүн башка кен ишканалары арасында алдыңкылар катарында экенин толук ишеним менен айта алам» – деп жыйынтыктады Мирбек.

Башта пландалгандай, Мирбек «Кумтɵр» кениндеги тоо-кен техника шиналарын техникалык тейлөө жана оңдоо бөлүмүндөгү чет элдик адистин ордун алмаштырат. Учурда «Кумтɵр Голд Компаниде» штаттык кызматкерлердин 97%ы Кыргызстандын жарандары жана компаниянын персоналындагы кыргызстандыктардын үлүшү дайыма ɵсүүдɵ. Бул ишканада иштеген чет элдик адистерди ырааттуу түрдө жергиликтүү кадрлар менен алмаштыруунун эсебинен жүрүүдө.