«Кумтɵр» компаниясынын колдоосу менен Жети-Ɵгүз районунда спорттун кышкы түрлɵрү ɵнүгүүдɵ

«Кумтɵр» компаниясынын колдоосу менен Жети-Ɵгүз районунда спорттун кышкы түрлɵрү ɵнүгүүдɵ

Жарыяланган: 24 February 2016

Ɵткɵн жумада Ысык-Кɵл облусундагы Жети-Ɵгүз районунун Светлая Поляна айылынын муз аянтында Кызыл-Суу жана Светлая Поляна айылдарынан эки аялдар жана тɵрт уландар командалары арасында хоккей боюнча мелдеш ɵттү.

Турнир «Кумтɵр» компаниясынын колдоосу алдында ɵткɵрүлдү. Ал эки айылдын командаларына форма менен жабдуулар топтомун сатып берген. Топтомго коньки, шайбалар, клюшкалар, шлемдер жана униформалар кирет. Алардын жалпы наркы 400 миӊдей сомду түзɵт.

Светлая Поляна айылындагы муз аянтын «Кумтɵрдүн» кызматкери Кудайберген Сакеновдун үй-бүлɵсү уюштурган. Сакеновдор жеке каражатына муз тоӊдуруп, коргон тургузуп, коньки сатып алышкан. Алар бүт үй-бүлɵсү биргелешип жергиликтүү спортчуларды муз тепкенге үйрɵтүшкɵн. Быйылкы жылдан баштап муз аянты айылдын кɵркү болуп, ал тургай анын жарнагы башкы трассадан кайрылган жерде илинип турат.
«Биз компания аймактагы спортту ɵнүктүрүүнү колдогонуна ыраазыбыз, жада калса компаниянын кызматкерлери жеке каражатын да жумшаганы кубандырат. Муз аянтын куруу иши бир топ жылга созулуп,
«Кумтɵр» иштин жүрүшүндө кɵӊүлкош калган жок. Муз аянтынын орду мурда карьер эле, ал эми 2014-жылы «Кумтɵр» айылыбыздагы суткалык жɵнгɵ салуу бассейнди тазалап жатканда аны казылып алынган грунтка толтуруп, ал эми аны тезигдөөнү айыл ɵкмɵтү өз эсебинен жүргүздү”, – деп белгиледи айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Жылкычы Мамытканов.

«Кумтɵр» кубок тапшырып, аны өтмө кылуу чечилди. Командалар ортосундагы достук матчы теӊ чыгуу менен аяктап, азырынча кабыл алган жакта – Светлая Полянанын оюнчуларында калды, демек, атаандаштарда лидерлик үчүн күрɵшүү мүмкүнчүлүгү алдыда.