Саруу айылында «Кумтөр» ишканансынын колдоосу менен жаңы инфраструктуралык объектилер ачылып, бешинчи республикалык спорттук турнир болуп өттү

Саруу айылында «Кумтөр» ишканансынын колдоосу менен жаңы инфраструктуралык объектилер ачылып, бешинчи республикалык спорттук турнир болуп өттү

Жарыяланган: 08 October 2014

2014-жылдын 4-октябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында Курман айтка карата өткөн салтанаттар менен чогу жаңы инфраструктуралык объектилер ачылып, спорттун үч түрү боюнча республикалык турнир болуп өттү.

Быйыл бешинчи жолу 2010-жылы 7-апрелде «Ала-Тоо» аянтында курман болгон спортчу Рустан Шамбетов жана анын машыктыруучусу Аскар Сартовдун элесине арналган турнир, спорттун үч түрү: грек-рим күрөшү, волейбол жана мини-футбол боюнча өткөрүлдү.

Саруу айылынын жаңы стадионунун ачылыш аземине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыгайрым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, аймактык жана айылдык бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана республиканын бардык булуңдарынан келген турнир катышуучулары менен меймандар катышты. Стадиондун курчоосу Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан каржыланса, тирбунасы жана аянты «Кумтөр Голд Компани» тарабынан 3 миллион сом чамасында түз каржыланган. Андан сырткары жергиликтүү демөөрчүлөр да салым кошкон. Бардык курулуш иштери жергиликтүү «Саруу-Строй» ишканасы тарабынан аткарылган.

Саруунун айымдары үчүн «Кумтөр Голд Компани» тигүүчү машинеден тартып кайчыга чейин жабдуулап берген муниципалдык «Ажайып» ишканасынын ачылышы кубанычтуу саамалык болду. Тигүүчү цех ар тараптуу багытта болуп, кийиз оюнчуктарды, шейшеп, кийим тигип, кызга сеп даярдоого тапшырык алып, 25ке чейин иш орду менен жергиликтүү кыз-келиндерди камсыздай алат.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыгайрым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев болуп өткөн иш чаралардын эң негизги мааниси элдин ынтымакта биригүүсү жүрүп жатканында. «Учурда айыл жаштары арасында экстремизм жана радикализм жолу жакшылыкка алып келбеси жана бир да маселени чечпей турганы боюнча түшүнүк бар. Жана бул стадион менен тигүүчү цехтин ачылып жатканы ошол ынтымакта биригүүнүн жемиши», – деп белгиледи Эмилбек Каптагаев.