«Кумтөр» компаниясы №27 кесиптик лицейдин компьютердик классын жабдууга жардамдашты

«Кумтөр» компаниясы №27 кесиптик лицейдин компьютердик классын жабдууга жардамдашты

Жарыяланган: 26 September 2013

Не первый год "Кумтор" помогает лицею N272013-жылдын 26-сентябрында №27 кесиптик лицейде «Кумтөр» компаниясынан заманбап компьютердик мониторлорду берүү аземи болду. Он алты монитор чектелген мүмкүнчүлүктөрү бар студенттердин атайын тобу үчүн арналган. Эки реабилитациялык топто учурда 36 адам окууда, бир топ чач тарач, ашпозчу жана ПК оператору кесибин өздөштүрүүдө, а экинчисинде болочок электр ширетүүчүлөр, автомалярлар жана В категориясындагы айдоочулар окушууда.

«Биз дайыма студенттерибизге жашоосунда жардам бере турган актуалдуу билимдерди берүүгө умтулабыз. Биздин убакта заманбап техникада иштей билүү – мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн өзгөчө зарылдык. Ушуга байланыштуу биз компьютердик классыбызда турган эски жана иштебеген мониторлорду алмаштырып берүү өтүнүчү менен «Кумтөр» компаниясына кайрылдык жана биздин өтүнүчүбүз аткарылганына ыраазыбыз», -деп белгиледи №27 КЛнын директору Игорь Маньковский.

«Биз менен жылуу мамилелер түзүлгөн лицейге техникалык жардам көрсөтүүгө кубанычтабыз. Биз жаңы техника кошумча мүмкүнчүлүктөрдү өздөштүрүүгө жардам берет жана балдар мониторлорду татыктуу баалашат деп үмүттөнөбүз», – деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер.

Маалымат үчүн:

13 жылдан бери компания лицейди колдоп келет жана анын жетекчилиги менен бекем байланыштарды өнүктүрө алды. Лицейде Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз, Тоң райондорунун, Балыкчы шаарынын мектеп бүтүрүүчүлөрүн оор жана жеңил автомобилдердин ремонту боюнча слесарь, автоэлектрик, ширетүүчү сыяктуу кесиптерге окутуу программасы иштеп келет.
Ысык-Көл областынын жашоочулары үчүн стипендиялардын регионалдык программасынын максаты – элет жаштарына өлкөдө талап кылынган адистиктерди алуусуна жардам көрсөтүү. Стипендиаттарды тандоодо артыкчылык жакшы окушкан жана кесиптик билим алууга умтулган көп балалуу, муктаж үй-бүлөлөрдөн чыккан, жетим балдарга берилет. Үч жылга созулган окуу мезгилиндеги стипендиаттардын окууга, жашоого жана тамактанууга бардык чыгымдарын «Кумтөр» компаниясы өзүнө алат. Компания ар айлык стипендия да төлөп берет. Студенттер лицейде алышкан билимдерин «Кумтөр» кен ишканасындагы стажировкалар убагында практикада бекемдешет.