“Кумтɵр” компаниясынын “Учкун” офисинин финансы бɵлүмү Жаӊы жылдын алдында Красная Речка атайын мектеп-интернатына жардам кɵрсɵтүштү

“Кумтɵр” компаниясынын “Учкун” офисинин финансы бɵлүмү Жаӊы жылдын алдында Красная Речка атайын мектеп-интернатына жардам кɵрсɵтүштү

Жарыяланган: 30 December 2015

2015-жылдын 28-декабрында “Кумтɵр” компаниясынын “Учкун” офисинин финансы бɵлүмүнүн кызматкерлери Красная Речка атайын мектеп-интернатында кайрымдуулук миссиясы менен болушту. Аларга уюштуруучулук жардамды складдын кызматкерлери, компаниянын айдоочулары жана жабдуу бɵлүмү кɵрсɵтүштү.

Акциянын уюштуруучулары жардам даректүү болушу үчүн кайсы жерде колдоо керектигин аныктоо максатында ал мекемеге барышкан. Территориянын кɵп бɵлүгүндɵ эс алып отуруу үчүн отургучтар жок болуп чыкты. Натыйжада 4 отургуч заказ кылынды, андан кийин финансы бɵлүмүнүн кызматкерлерди аларды ар кандай түскɵ боешту жана мектеп-интернатка жеткиришти. Жаӊы жылдын алдында мектеп-интернаттын тарбиялануучулары белекке таттууларды жана жемиштерди да алышты.

«Жаӊы жылдын алдында ɵзгɵчɵ балдардын жомокко жана Аяз атага ишенгилери келишет. Ата-энелеринин кароосуз калган балдар кɵӊүл бурууга жана оӊ эмоцияларга муктаж, ар бирибиз бул жакшы ишке салым кошо алабыз. Биз мээримибизди тɵгɵ алганыбызга ɵтɵ кубанычтабыз!”, – деди акциянын катышуучуларынын бири Ирина Гамаюнова.