«Кумтөр» компаниясынын өкүлдөрү «Жашылдандыруу Фондунун» акциясына катышты

«Кумтөр» компаниясынын өкүлдөрү «Жашылдандыруу Фондунун» акциясына катышты

Жарыяланган: 20 April 2017

2017-жылдын 19-апрелинде «Кумтөр» компаниясынын өкүлдөрү «Жашылдандыруу Фондунун» салт болгон бак тигүү акциясына катышты. Быйыл көчөт отургузуу иштери Бишкек шаарындагы «Көк-Жар» конушунун № 182 бала-бакчасында өттү.

Коммерциялык эмес «Жашылдандыруу Фонду» 2012-жылы «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (KICB) демилгеси менен «Роза Отунбаеванын Демилгелери», Ага Хана Фонду, «Кумтөр» компаниясы жана Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен негизделген. Фонддун башкы максаты – Кыргыз Республикасынын паркарын колдоп, жан муунду жаратылыш байлыктарын коргоо жана сактоого тартуу.