«Кумтɵр» компаниясы Ысык-Кɵл облусундагы балдарды майрамы менен куттуктады

«Кумтɵр» компаниясы Ысык-Кɵл облусундагы балдарды майрамы менен куттуктады

Жарыяланган: 01 June 2015

Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн утурлай «Кумтɵр» компаниясы Жети-Ɵгүз, Тоӊ райондорунун жана Балыкчы шаарынын балдарына белектерди жɵнɵттү. Акция Ысык-Кɵл облусунун аз камсыз үй-бүлɵлɵрүнүн балдарын, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, реабилитациялык борборлордун жана балдар үйлɵрүнүн тарбиялануучуларын камтыды.

Бөбөктөргө белектерди компаниянын кызматкерлери өзү жеткирип, кичинекей кɵлдүктɵрдү майрамы менен куттукташты. Белек топтомунда ɵнүктүрүүчү оюнчуктар жана кеңсе буюмдары салынган. Кызыл китепке кирген жаныбарлардын сүрөтү менен пазлдар, Кыргызстандын картасы, алиппе жана биздин ɵлкɵдө жашаган жаныбарлардын трафареттери «Бугу Эне» КФ тарабынан атайын иштелип чыккан.

Кумтɵрчүлɵр Тоӊ районунун Кажы-Сай айылында жайгашкан «Хадича» балдар үйүнүн тарбиялануучуларын ɵзүнчɵ куттуктоону чечишти. Балдар үчүн оюндар жана ар кандай буюмдарды жасоо боюнча мастер класстар даярдалган. Акциянын аягында бардык катышуучулар үчүн пикник уюштурулду.