“Кумтөр” компаниясы Ысык-Көл областынын балдарын майрам менен куттуктады

“Кумтөр” компаниясы Ысык-Көл областынын балдарын майрам менен куттуктады

Жарыяланган: 05 June 2014

kids day
“Кумтөр” компаниясы Ысык-Көл областынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнөн балдарды, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, реабилитациялык борборлорунун, интернаттарынын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Компаниянын кызматкерлери акция камтыган бардык балдар үйлөрүнө, реабилитациялык борборлорго жана интернаттарга белектерди жеткиришти жана кичинекей кыргызстандыктарды майрамы менен өздөрү барып куттукташты. Ар бир белек комплектте жеке гигиенанын ар кандай каражаттары салынган.

Жалпысынан балдарга белектердин 1350 комплекти берилди. Анын ичинен 750сү – Жети-Өгүз районунун, 220сы – Тоң районунун жана 380и – Балыкчы шаарынын балдарына берилди.