Кумтөр АД-мониторун, холтер мониторлорун жана скринингдик пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн баа сунуштарын кабыл алуу конкурсун жарыялайт

Кумтөр АД-мониторун, холтер мониторлорун жана скринингдик пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн баа сунуштарын кабыл алуу конкурсун жарыялайт

Жарыяланган: 06 March 2015

ТЕНДЕР ЖАБЫК

Кумтор Голд Компани ЖАКу (КГК) Мортара фирмасынын АД-мониторун (Ambulo 2400) (1 даана), Мортара фирмасынын холтер мониторлорун (HScribe5; H3+H12) (2 даана) жана скринингдик пульсоксиметрлерди (Nonin WristOx 3150) сатып алуу үчүн баа сунуштарын кабыл алуу конкурсун жарыялайт. Толук спецификацияны бул жерден жүктөп алыңыз.

Толук коммерциялык сунуштар, кагаз бетинде, талапкердин мөөрү басылган жана оозу чапталган, жана ошондой эле сыртында “Тандоо комиссиясынын төрагасына” деп жазылган, А4 форматындагы конверттин ичинде, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, “Учкун” АКнун имараты, 10-кабат, дарегинде 20-март 2015-ж., саат 17:00 чейин кабыл алынат. Белгиленген убакыттан кийин жана электрондук почта аркылуу жиберилген билдирмелер кабыл алынбайт.

Коммерциялык сунуш, төмөндөгүлөр менен чектелбестен, камтуусу зарыл документтер:

– Коюлган талаптарга (спецификацияларга) ылайык болуу макулдугун камтыган жана төлөнчү салык өлчөмү саналган бааны камтыган коммерциялык сунуш;
– Негизги ишкердик түрлөрүн камтыган талапкер жөнүндө кыскача маалымат, иш тажрыйбасынын баяндоосу менен мекеменин негиздөөчүлөрү жана жетекчилери жөнүндө маалымат;
– Уюмдун мамлекеттик органдарда каттоосун тастыктаган документтер;
– Аппаратты кепилдик мөөнөтү боюнча жана андан кийин тейлөө мүмкүнчүлүгү;
– Аппараттын жасалып чыккан өлкөсү жана жери жөнүндө маалымат.

КГК ар кайсы коммерциялык сунушту бүтүндөй же жарым-жартылай кабыл алуу же албоо укугун сактайт. Ишкананын талаптарына туура келген талапкерлер КГК тарабынан кабардандырылат.

Бардык суроолор боюнча, кызыкдар тараптар, КГКнын сатып-алуу бөлүмүнө Kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук дарек аркылуу кайрылса болот.