Кумтɵр 2015-жылга Ысык-Кɵл облусунун чакан насыя уюмдары үчүн каржылоону ачты

Кумтɵр 2015-жылга Ысык-Кɵл облусунун чакан насыя уюмдары үчүн каржылоону ачты

Жарыяланган: 20 May 2015

Ысык-Кɵл облусунун “Жети-Ɵгүз”, “Тоӊ Финанс” жана “Балыкчы Финанс” сыяктуу чакан насыя уюмдары 2015-жылы ɵз ишмердүүлүгүн жүзɵгɵ ашыруу үчүн каражат алышты.

Программага ылайык, Жети-Ɵгүз, Тоӊ райондорунун жана Балыкчы шаарынын чакан насыя алууну каалаган бардык жашоочуларына жеке чарбаларын жана мал чарба фермаларын ɵнүктүрүү үчүн, ошондой эле кичи жана орто бизнести уюштуруу жана камсыздоо максатында мындай мүмкүнчүлүк берилди.

2006-жылдан баштап Компания 2015-жылдагы каржылоону кошо алганда, микрокредиттик мекемелерди ɵнүктүрүү программасын жүзɵгɵ ашырууга 4,5 млн. доллардан ашуун каражат жумшаган.