“Кумтөр” «Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстары» көргөзмөсүнүн жаш катышуучуларына белектерди тапшырды

“Кумтөр” «Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстары» көргөзмөсүнүн жаш катышуучуларына белектерди тапшырды

Жарыяланган: 08 December 2022

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстары” аталышындагы көргөзмө-жарманке өттү. Бул иш-чараны Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик интеллектуалдык менчик фонду уюштурду.

Иш-чарада республиканын бардык аймактарынан келген жаш ойлоп табуучулар өздөрүнүн илимий-техникалык долбоорлорун көрсөтүштү. Мындай көргөзмөлөр жаштар арасында илимий-техникалык билим берүүгө жана чыгармачылыкты жайылтууга көмөктөшүп, балдардын бири-бири менен тажрыйба алмашуусуна, жаңы технологияларды үйрөнүүсүнө жардам бермекчи. Окумуштуулар, өнөр жай компаниялардын жана бизнестин өкүлдөрү долбоорлорду баалоого жигердүү катышып, жаңы ойлоп табуучулук идеяларды андан ары оптималдаштыруу боюнча өз сунуштарын да беришти.

Балдардын мындай ойлоп табуулары, илимий-изилдөөчүлүккө жана рационализатордук долбоорлорго болгон кызыгуусу өлкөбүздүн илимий, өндүрүштүк жана бизнес адистеринин жаңы муунунун пайда болушуна түрткү болмокчу. Ал эми илимдүү жаштардын жаңы мууну ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизин түзөт.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Кыргызстандын таланттуу жаштарын ар дайым колдоого алып келет. Бул ирет дагы өз салтын бузбай, компания көргөзмөнүн жаш катышуучуларына 75 даана ар кандай белектерди тапшырып, келечек ээлеринин көңүлүн көтөрдү.