«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАКтын МУКТАЖДЫКТАРЫ ҮЧҮН ҮЧ ЖЫЛДЫК МӨӨНӨТКӨ ӨНӨР ЖАЙ ЖАНА ЧАРБАЛЫК-ТИРИЧИЛИК ТОВАРЛАРЫН ЖЕТКИРҮҮГӨ АДИСТЕШКЕН ЖЕТКИРИП БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН АЛКАКТЫК КЕЛИШИМДЕРДИ ТҮЗҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 02 October 2026
ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 16-октябры, саат 13:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») сизди «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын муктаждыктары үчүн үч жылдык мөөнөткө өнөр жай жана чарбалык-тиричилик товарларын жеткирүүгө адистешкен жеткирип берүүчүлөр менен алкактык келишимдерди түзүү максатында өткөрүлүүчү алдын ала квалификациялык тандоого катышууга чакырат.
Квалификациялык документтерди тапшырууга карата негизги талаптар:
- Документтер PDF форматында берилиши керек.
- Документтер predkwalvspom2026@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
- Бир электрондук каттын көлөмү 25 МБдан ашпашы керек экендигине көңүл буруңуз.
Тапшырылууга тийиш болгон документтер:
- Жеткирүү тажрыйбасын тастыктаган ар бир товардык категория боюнча кеминде эки келишимдин көчүрмөсү;
- Сурамжылоонун толтурулган көчүрмөсү (Чакырууга №1 Тиркеменин формасы боюнча);
- Жеткирип берүүчүнүн реквизиттерин ачуу жана өзгөртүү боюнча толтурулган форма (Чакырууга №2 Тиркеменин формасы боюнча, эгерде катышуучу КГКнын жеткирип берүүчүлөр базасына киргизилбеген болсо);
- Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкаттардын түп нускаларынын сканерленген көчүрмөлөрү (МСК, Соцфонд);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн/маалымкаттын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же жарактуу патенттин көчүрмөсү. Мында ишмердүүлүктүн түрү сатып алуунун предметине дал келиши керек);
- Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- Документтерге кол коюуга ыйгарым укугу бар жакты тастыктаган ишеним кат же башка документ;
- Кол коюучунун паспортунун сканерленген көчүрмөсү;
- Ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн акыркы эки жыл үчүн бардык тиркемелери менен бухгалтердик баланстын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет), ошондой эле БСД (Бирдиктүү салык декларациясы);
- Акыркы үч жылдагы, анын ичинде быйылкы соттук териштирүүлөргө катышуусу тууралуу маалымат (Чакырууга №3 Тиркеменин формасы боюнча).
Алкактык келишимдин долбоору тиркелет (Чакырууга №4 Тиркеме).
Ушул Чакыруу боюнча суроолор жаралган учурда катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Zarina.Andasheva@kumtor.kg электрондук дарегине кайрыла алат, бирок квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 3 жумушчу күн мурда кайрылышы керек. Түшүндүрмөлөр суроо-талап алынган электрондук почта дарегине, суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе, Буйрутмачы квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтүн кийинки мөөнөткө жылдырууга укуктуу. Бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул алдын ала квалификациялык тандоо тууралуу жарыя жайгаштырылган расмий https://www.kumtor.kg/ru/ веб-сайтына жарыялоо аркылуу маалымдайт.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР