«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ҮЧҮН КОРПОРАТИВДИК ДЕҢГЭЭЛДЕ WI-FI ЖАБДУУЛАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 28 August 2026
АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 11-сентябры, саат 17:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – Буйрутмачы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн корпоративдик деңгээлде WI-FI жабдууларын жеткирүү боюнча чектөөсүз эки пакеттүү конкурска катышууга жана Техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лот боюнча конкурстук сунуштарды/табыштамаларды тапшырууга чакырат:
- №1 Лот– Корпаративдик деңгээлде WI–FI жабдууларын жеткирүү
Сиздердин сунуштарыңыздар/табыштамаларыңыздар тиркелген документтер, тиркемелер жана баа сунуштары менен бирге коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга бардык ыйгарым укуктары бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлуп, мөөр менен күбөлөндүрүлүп, PDF форматында тапшырылышы керек.
Документтерге кол койгон адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же анын ыйгарым укуктарын ырастаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Тандоого катышууну каалаган бардык тараптар Чакыруунун №1-№6 тиркемелери менен таанышып жана милдеттүү түрдө Чакыруунун №1, №2, №3 жана №6 тиркемелериндеги формаларды толтуруп, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп жана аларды төмөндө көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине электрондук түрдө жөнөтүшү керек.
Катышуучулар конкурска катышуу табыштамаларын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат менен жөнөтүшү керек, мында алардын көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.
Кыргыз Республикасынын резиденттеринен берилген коммерциялык сунуштар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (СОМ KGS) берилүүгө тийиш экендигине көңүл буруңуздар.
Табыштамалар төмөнкү дарекке эки өзүнчө пакет түрүндө жөнөтүлүшү керек: itech2026@kumtor.kg темасы төмөнкүдөй болушу керек:
№1 Лот:
Биринчи пакет үчүн: «№1чи Лоттун Квалификациялык жана техникалык сунуштары [компаниянын аталышы менен]»;
Экинчи пакет үчүн: «№1чи Лоттун Баа сунушу [компаниянын аталышы менен]».
Конкурстук табыштаманы берүү тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө пакетте тапшырышы керек, мында эки пакет тең бир эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн электрондук почтага жөнөтүлүшү керек:
- №1-пакет – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөзү жок берилет);
- №2-пакет – коммерциялык сунуш (файлды ачыш үчүн сыр сөз менен корголушу керек жана биринчи баскычта ачылбайт, сыр сөз Буйрутмачынын талабы келип түшкөндөн кийин электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек).
- Биринчи этап – квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн)
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Товардын техникалык мүнөздөмөсүн;
- Иш тажрыйбасын талдоо (акыркы бир жылдагы референс-барак);
- Квалификация тууралуу маалыматтарды камтыган жана толтурулган №6 тиркеменин сканерленген көчүрмөсүн;
- Берилген документтердин Техникалык тапшырманын талаптарына шайкештигин текшерүү;
- Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкаттардын түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрүн (МСК, Соцфонд);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсүн/ЮМ сайтынан электрондук көчүрмөнү; жеке ишкерлер үчүн – ЖИ катары каттоо жөнүндө күбөлүк же жарактуу патенттин көчүрмөсү (ишмердүүлүк түрү сатып алуунун предметине ылайык келиши керек);
- Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсүн (юридикалык жактар үчүн);
- Документтерге кол коюу укугун ырастаган ишеним катты же башка документти (дайындоо жөнүндө буйрук/чечим);
- Акыркы эки жыл үчүн (биринчи жарым жылдыкты кошо алганда) ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган бухгалтердик баланстын бардык тиркемелери менен бирге сканерленген көчүрмөсүн (баланс, киреше жана чыгаша жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) жана БСКны (бирдиктүү салык декларациясын);
- Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу жөнүндө маалыматты (акыркы үч жыл, анын ичинде учурдагы жыл);
- Шайкештик сертификаттарын же мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү;
- ар бир модель үчүн шайкештик сертификаттарын, паспортторду же техникалык баяндоолорду;
- продукциянын паспортун же техникалык баяндоосун (бар болсо);
- кепилдик катты (зарыл болсо).
Башка мамлекеттердин резиденттери үчүн:
- Товардын техникалык спецификациясы;
- Иштөө тажрыйбасы боюнча маалымат (акыркы бир жылдагы референс-парак);
- Техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн талаптарга ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
- Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
- Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
- Документтерге кол коюучу адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ (дайындоо жөнүндө буйрук/чечим);
- Акыркы эки жыл үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган бардык тиркемелери менен бухгалтердик баланстын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (Бухгалтердик баланс, пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет).
Техникалык документтерди электрондук:
№1 Лот:
- Аткарылган иштердин актысын өткөрүп берүү; (WI-FI)
- Пайдалануучу нускамалары (орус тилинде); (WI–FI)
- Сертификаттар, кепилдик талондору (керек болгон учурда); (WI–FI)
- Продукциянын паспорту же техникалык баяндоосу (бар болсо);
- Кепилдик кат (зарыл болсо).
1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыгы боюнча экинчи баскычка өткөн катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Экинчи этапка төмөнкү катышуучулар өткөрүлбөйт:
- документтердин толук пакетин тапшырбагандар;
- биринчи пакетке коммерциялык сунушту сыр сөзү жок тиркегендер же сыр сөздү талап кылынганга чейин жөнөткөндөр;
- буйрутмачынын суроо-талабынан кийин экинчи пакеттин сыр сөзүн бербегендер;
- конкурстук табыштаманын аткарылышын кепилдеген кол коюлган декларацияны бербегендер (№1 тиркеме боюнча);
- ак ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы эскертме боюнча кол коюлган декларацияны бербегендер (№2 тиркеме боюнча);
- чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч документ тапшыргандар.
- Буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитациядан өтпөгөндөр.
- Буйрутмачынын техникалык жана квалификациялык талаптарына шайкештигин ырастай албагандар.
- Жеткирип берүүчүнүн ыйгарым укуктуу адамы кол койгон конкурстук табыштаманы/сунушту бербегендер.
1.4. Буйрутмачы өзүнүн кароосу боюнча көчмө текшерүү жүргүзө алат.
- Экинчи баскыч – конкурстук табыштаманы баалоо
2.1. Экинчи этапка биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катыша алышат.
2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакыруунун №3 тиркемесиндеги формага так ылайык толтурулушу керек.
- Эгерде баа сунушу белгиленген №3 тиркемесиндеги формага ылайык берилбесе, табыштама четке кагылат.
2.3. Катышуучу көрсөткөн продукциянын наркы бардык чыгымдарды камтышы керек, анын ичинде: салыктарды, бажы төлөмдөрүн, жыйымдарды, Буйрутмачынын кампасына чейин жеткирүүнү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу башка төлөмдөрдү, тейлөө мөөнөтүн жана келишимде каралган коштоочу кызматтарды эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткарууга байланышкан башка чыгымдарды.
Баалоо критерийлери:
- Белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана баа/сапат/жеткирүү мөөнөтү көрсөткүчтөрүнүн эң жакшы катышын сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү болуп таанылат.
- Жеңүүчү менен бир жылдык жеткирүү келишими түзүлөт, зарыл болгон учурда сыноо партиясын сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен.
Келишимдин аткарылышын кепилдик камсыздоонун көлөмү жана формасы (мындан ары – КАКК)
- Алдын ала төлөм каралган учурда, конкурс жыйынтыгы боюнча жеткирүү келишимин түзүү укугу ыйгарылган катышуучу (негизги жеткирүүчү) келишимдин жалпы суммасынын 10% өлчөмүндө келишимдин аткарылышын камсыздоо кепилдигин (ГОИД) киргизүүгө же аванстык төлөмдүн суммасына барабар банктык кепилдикти берүүгө милдеттүү.
- Жеңүүчү катышуучу КАКК берүүдөн баш тартса, Буйрутмачы кийинки катышуучу менен келишим түзүүгө укуктуу.
- КАКК Буйрутмачынын ырастоосунун негизинде жеткирип берүүчүгө 15 (он беш) жумушчу күндөн кечиктирбестен төмөнкү учурларда кайтарылат:
- келишим боюнча бардык милдеттенмелер, анын ичинде кепилдик милдеттенмелери толук аткарылганда;
- форс-мажордук жагдайларга байланыштуу келишим бузулганда.
- КАКК төлөө үчүн банктык реквизиттер Чакыруунун №4 тиркемесинде көрсөтүлгөн.
Сиздердин конкурстук табыштамаларыңыздардын тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын «11» сентябры саат 17:00гө чейин.
- Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген конкурстук табыштамалар/сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Өз сунушун берүү менен катышуучу Буйрутмачынын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга, анын ичинде Чакыруунун №5 тиркемесиндеги келишим шарттарына макул экендигин билдирет.
- Ар бир катышуучу ар бир лот боюнча бир гана конкурстук сунуш бере алат.
- Конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктагандан кийин аларга өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.
Ушул Чакыруу боюнча суроолор жаралса, катышуучу түшүндүрмө алуу үчүн [email protected] электрондук дарегине кайрыла алат, бирок конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 жумушчу күн мурда.
Түшүндүрмөлөр суроо-талап келген электрондук дарекке суроо алынган күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда Буйрутмачы конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин, бирок кеминде 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен, кошумчаларды чыгаруу жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе, Буйрутмачы конкурстук табыштамаларды кабыл алуунун акыркы мөөнөтүн жылдыра алат. Бул тууралуу маалымат конкурс боюнча жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ расмий сайтында жарыяланат.
Буйрутмачы алынган коммерциялык сунуштарды толугу менен же жарым-жартылай кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишимди ыйгарганга чейин ачык тандоо жол-жобосун жокко чыгарууга укуктуу жана бул үчүн катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Буйрутмачы ушул чакырууга байланыштуу катышуучу тарткан кандайдыр бир чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө албай тургандыгын ачык билдирет.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР