Жарыяланган: 22 August 2026
Кумтөрдүн куткаруучулары бийик тоолуу аймакта кооптуу кырдаалга кабылган чет өлкөлүк туристтерди дагы бир жолу куткарышты.
Бул жолу Кара-Сай өрөөнүндө (Жети-Өгүз району) Нидерланддан келген эки турист жардамга муктаж болгон.
21-августта туристтер Барскоон капчыгайы аркылуу Сыртты көздөй жолго чыгып, кийин эл аралык SOS сигналын беришкен. 22-августта эртең менен Кыргызстандын ӨКМи алардын соңку координаттарын Кумтөрчүлөргө берип, жардам сурап кайрылган.
Саат 09:15те туристтерди издөөгө Кумтөрдүн сегиз кызматкери үч унаа менен чыккан. Куткаруучу топ дрон жана спутниктик байланыш каражаттары менен жабдылган. Саат 12:27де туристтер табылып, аларга керектүү жардам көрсөтүлүп, Ак-Шыйракты көздөй кеткен негизги жолго чейин коштоп барышкан.
Белгилей кетсек, мындан бир нече ай мурда Кумтөрдүн куткаруучулары тоодо дайынсыз жоголгон италиялык туристтерди издөөгө да катышып, аларды куткарып калышкан.