«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» КЫЗМАТКЕРИ ИЛЬЯС ИМАНБАЕВ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА ҮЧ АЛТЫН МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» КЫЗМАТКЕРИ ИЛЬЯС ИМАНБАЕВ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА ҮЧ АЛТЫН МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ

Жарыяланган: 29 October 2026

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Балыкчы өткөөл базасынын коопсуздук кызматкери Ильяс Иманбаев WPSO жана WPC эл аралык федерацияларынын версиялары боюнча пауэрлифтинг жана пауэрспорт боюнча дүйнө чемпионатында үч алтын медаль утту.

Спорттун бул түрлөрү боюнча мелдештер 2026-жылдын 24-25-октябрында Бишкек шаарында өттү.

100 кг салмак категориясында жана 50-54 жаш курагындагы спортчулар арасында Ильяс Иманбаев үч дисциплинанын тең жеңүүчүсү болду. Тактап айтканда, стандык тартууда (становая тяга), бицепске классикалык көтөрүүдө жана тик туруп штанга жулкууда (жим стоя) биринчи орундарды камсыздады. Натыйжада анын мелдештеги ар бир таймашы алтын медалга татыды.

Дүйнө чемпионаты 12 өлкөнүн жана 40тан ашык шаардан келген спортчулардын башын бириктирди.