Жарыяланган: 16 November 2026
КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 25-ноябры, саат 15:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК кызматкерлерин ден соолугун чыңдоо максатында Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагындагы эс алуу үйлөрүндө эс алууну уюштуруу кызматтарын көрсөтүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүүгө чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Сунушка жана башка документтерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан табыштамага кол коюлушу керек. Документтерге мөөр басылып, PDF форматында берилүүгө тийиш. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек. |
| Сунуштарды берүү тартиби | Катышуучулар талаптарга ылайык орус тилиндеги сунушту даярдап, зарыл документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 25-ноябры саат 15:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүшү керек.
Коммерциялык сунушта сунуш берилип жаткан лотту көрсөтүү зарыл: Лот №1 – Техникалык тапшырмага ылайык Чүй облусунун аймагында эс алуу үйлөрүнүн кызматтарын көрсөтүү Лот №2 – Техникалык тапшырмага ылайык Ысык-Көл облусунун аймагында эс алуу үйлөрүнүн (пансионаттын) кызматтарын көрсөтүү Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч же башка электрондук дарекке жөнөтүлгөн сунуштар каралбайт. |
| Катышуу үчүн табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: | Коммерциялык сунуш төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
|
| Баалоо критерийлери: | Тандоодон өткөн сунуш катары квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген, эң төмөнкү наркты жана оптималдуу мөөнөттөрдү көрсөткөн сунуш таанылат. |
| Комерциалык сунушту [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 25-ноябры саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүлүшү керек. | |
| Буйрутмачы кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишимди ыйгарууга чейин сынак өткөрүү жол-жобосун каалаган убакта токтотууга укуктуу жана мында тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме тартпайт. | |
| Коммерциялык сунуш расмий бланкта берилиши керек. | |
| Тандоого катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баа сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин ырастайт. Тандоого катышкан ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунуш бере алат. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 40 календардык күндү түзүшү керек. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Ушул конкурс боюнча бардык суроолор [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Тандоонун шарттары боюнча түшүндүрмө берүү жөнүндө суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү башталганга чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек. |
|