«Кумтөр» компаниясы жана «АВЕП» коомдук фонду биргелешкен долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө билдирет

«Кумтөр» компаниясы жана «АВЕП» коомдук фонду биргелешкен долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө билдирет

Жарыяланган: 17 April 2013

Karagat plus
«Кумтөр» компаниясы жана «АВЕП» коомдук фонду үч жылдык биргелешкен «Карагат+» долбоорун жүзөгө ашыруу жөнүндө билдирет, ал жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана мөмө-жемиш рыногунун потенциалын кеңейтүүгө багытталган. Жүзөгө ашыруу территориясы – түштүк жээгине басым жасоо менен Ысык-Көл областы. Бул экологиялык багытталган долбоордун алкактарында Коомдук фонд фермерлерди карагаттын жаңы мол түшүмдүү жана суукка жана дарттарга чыдамдуу сортторун өстүрүүгө жана талааларды сугаруунун инновациялык методдоруна окутат. «АВЕП» фондунун адистери питомниктердин жана айыл чарба продукциясын кабыл алуу пункттарынын тармагын түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.

Долбоордун алкактарында алар продукцияны сатып өткөрүү каналдарын түзүп жана өстүрүлгөн жемиштерди сатуудан пайданы жогорулатуусу үчүн фермерлерди маркетингдин негиздерине окутууга өзгөчө көңүл бурулмакчы. «АВЕП» өзүнө быйыл эле фермерлерге түшүмдү жыйнагандан кийин рынокко чыгуусуна жардам берүү милдеттенмесин алат. Кызыккан фермерлерди тандап жана окуткандан кийин өкмөттүк эмес уюм бөлүнгөн участоктордо тамчылатып сугаруу системаларын монтаждоого кирише тургандыгы пландаштырылууда.

«Бул долбоордун башкы артыкчылыгы мөмө-жемиштерди өстүрүүгө комплекстүү мамиледе турат: фондубуз көчөттөрдү сатып алуудан жана таратуудан баштап, ошондой эле даяр продукцияны сатууга жана кайра иштетүүгө чейинки жолдун баарында фермерлерге жардам бермекчи. Дагы бир маанилүү аспект болуп, карагаттын бадалдарынын тамырлары адырлардын капталдарын бекемдегендиги жана аны менен курчап турган чөйрөгө оң таасир этип, топурактын эрозиясын төмөндөткөндүгү саналат», – деп айтты «АВЕП» коомдук фондунун директору Максат Абдыкапаров.
«Биз бул долбоор биздин колдообуз менен Ысык-Көлдө жүзөгө ашырыла тургандыгына кубанычтабыз. Долбоор фермерлердин кирешелерин жогорулатууга жардам берип жана регион үчүн айыл чарбасында пайдаланылуучу инновациялык методдорду жана технологияларды өнүктүрүүгө жана кеңири колдонууга өбөлгө түзө тургандыгынан үмүттөнөбүз», – деп айтты «Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер.
Долбоор жөнүндө кеңири маалымат төмөнкү сайтта жеткиликтүү: www.karagat.kg

Маалымат үчүн:


«АВЕП» коомдук фонду – Кыргыз Республикасынын элет региондорун туруктуу жана инновациялык өнүктүрүүгө натыйжалуу көмөк көрсөтүү максатында эл аралык уюмдардын, жеке, коомдук жана мамлекеттик сектордункеңири тобу менен иштөөчү борборазиялык өкмөттүк эмес жана саясий эмес уюм.