«Кумтөр» компаниясы жана «АВЕП» коомдук фонд биргелешкен долбоорду жүзөгө ашырышат

«Кумтөр» компаниясы жана «АВЕП» коомдук фонд биргелешкен долбоорду жүзөгө ашырышат

Жарыяланган: 02 May 2013

2013-жылдын 25-апрелинде Караколдогу Журналисттер үйүндө пресс-конференция болуп өттү, анда «АВЕП» коомдук фондусунун жана “Кумтөр” компаниясынын өкүлдөрү журналисттерге «Карагат +» жаңы биргелешкен долбоорун ишке киргизүү жөнүндө айтып беришти. Фонд “Кумтөрдүн” финансылык колдоосу менен бул долбоорду үч жыл аралыгында Ысык-Көл областында жүзөгө ашырмакчы. Долбоордун максаты болуп жергиликтүү жамааттарды жана региондогу мөмө-жемиштер рыногун өнүктүрүү саналат.

«АВЕП» фондусунун адистери питомниктерди жана айыл чарба продукцияларын кабыл алуу пункттарынын тармагын түзүүдө көмөк көрсөтүшмөкчү, ошондой эле фермерлерге продукцияны сатып өткөрүү каналдарын жөнгө салууда жардам беришмекчи. Бул долбоордун башкы артыкчылыгы – комплексттүү мамиледе турат: фонд фермерлерге көчөттөрдү сатып алуу жана таратуудан баштап даяр продукцияны сатууга жана кайра иштетүүгө чейинки жолдо баштан-аягына чейин жардам бермекчи.

Бул экологиялык багытталган долбоордун алкактарында Коомдук фонд фермерлерди карагаттын жаңы мол түшүмдүү жана үшүккө жана илдеттерге чыдамдуу сортторун өстүрүү технологияларына жана талааларды сугаруунун инновациялык методдоруна окутмакчы. Окутуу тренингдеринин сериясы ушул жылдын мартында эле башталган.

“Кумтөр” компаниясы уюштурган пресс-турдун алкактарында Бишкектен журналисттердин тобу катышуучу фермерлер үчүн тренингдердин биринде болушту. Семинар Барскоондогу №55 кесиптик лицейде өткөрүлдү. Тренингде республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясынын өкүлдөрү фермерлерге Кыргыз Республикасында кабыл алынган мыйзамдарга жана нормаларга ылайык, кантип чарба жүргүзүү жана өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү тоскоолдуксуз сатып өткөрүү үчүн үрөнчүлүк чарба статусун алуу жөнүндө айтып беришти.

Карагаттын алгачкы көчөттөрү катышуучу фермерлерге майдын башталышында жеткирилмекчи.