КЕНДИН ЗАТТЫК (МИНЕРАЛОГИЯЛЫК) КУРАМЫН АНЫКТОО БОЮНЧА КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮ

КЕНДИН ЗАТТЫК (МИНЕРАЛОГИЯЛЫК) КУРАМЫН АНЫКТОО БОЮНЧА КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮ

Жарыяланган: 08 September 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 18-сентябры, саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК бардык кызыкдар катышуучуларды Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык (№8 тиркеме) Кумтөр кенинин алтын ылгоочу фабрикасынын №3 конвейеринен алынган кендин заттык (минералогиялык) курамын аныктоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө конкурсдук табыштама берүүгө чакырат.

Сатып алуу чектөөсүз катышуу менен өткөрүлүүчү конкурс ыкмасы аркылуу, бир баскычтуу эки топтом менен жүргүзүлөт.

Конкурсдук табыштаманы берүү форматы

Конкурсдук табыштама жана ага тиркелген бардык документтер конкурсдук табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ адам тарабынан кол коюлушу керек.

Документтер катышуучунун расмий бланкында PDF форматында берилүүгө тийиш.

Конкурсдук сунуш өзүнчө каттар менен бир убакта берилүүчү эки топтом документтен турат.

Документтердин биринчи топтому

Квалификациялык жана техникалык сунуш. Биринчи топтом катышуучунун квалификациясын жана Техникалык тапшырмага ылайык кызматтарды көрсөтүү боюнча техникалык мүмкүнчүлүгүн тастыктаган документтерди камтышы керек.

Биринчи топтомдо сунуштун наркын көрсөтүүгө жол берилбейт.

Документтердин биринчи топтомунда баа жөнүндө маалымат камтылган конкурсдук табыштамалар четке кагылат.

Документтердин экинчи топтому

Финансылык сунуш

Финансылык сунуш сырсөз менен корголгон архив түрүндө өзүнчө кат менен берилет. Сырсөз квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо аяктагандан кийин Буйрутмачынын суроо-талабы боюнча гана катышуучу тарабынан берилет.

Катышуучуларга карата квалификациялык талаптар

Катышуучу катталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык катталган юридикалык жак же жеке ишкер болуп, сатып алуунун предмети болуп саналган ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу болушу керек.

Катышуучу ушуга окшош иштерди аткаруу тажрыйбасына, ошондой эле Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон эмгек ресурстарына, квалификациялуу адистерге жана материалдык-техникалык базага ээ болушу керек.

Квалификациялык талаптарга шайкештик конкурстук табыштаманын курамында берилүүчү документтер менен ырасталат.

Сунуштарды берүү тартиби

Конкурсдук сунуштарды төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү керек: ruda@kumtor.kg 2026-жылдын 18-сентябры саат 14:00дөн кечиктирбестен (Бишкек убактысы боюнча).

Каттын темасында төмөнкүдөй көрсөтүлүшү керек:

Биринчи баскыч үчүн:

«Кендин заттык курамын аныктоо – Квалификациялык жана техникалык документтер»

Экинчи баскыч үчүн:

«Кендин заттык курамын аныктоо – Финансылык сунуш»

Белгиленген мөөнөттөн кийин жөнөтүлгөн конкурсдук сунуштар каралбайт.

Биринчи топтом документтердин курамы

Катышуучу төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  1. Жеткирип берүүчүнүн табыштамасы/сунушу (тиркелген форма боюнча).
  2. Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация жана коррупцияга каршы эскертме (тиркелген форма боюнча).
  3. Конкурсдук табыштаманын аткарылышын кепилдеген декларация (тиркелген форма боюнча).
  4. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкердин күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
  5. Уставдын көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн).
  6. Жетекчинин же өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган документ.
  7. Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги тууралуу акыркы отчеттук күнгө карата маалымкат.
  8. 2024-2025-жылдар үчүн финансылык отчеттуулук же Бирдиктүү салык декларациясы. Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбагандар үчүн акыркы 2 жылдагы финансылык туруктуулукту ырастаган документ.
  9. «Квалификация жөнүндө маалыматтар» формасы (тиркелген форма боюнча).

Аткарылуучу иштерге коюлган техникалык талаптар, катышуучуларга карата квалификациялык талаптар, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына жана жыйынтыктоочу отчеттуулукка болгон талаптар Техникалык тапшырмада аныкталган.

Финансылык сунуш

Финансылык сунуш төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
  • иштерди аткаруу мөөнөттөрү;
  • төлөө шарттары;
  • сунуштун валютасы;
  • колдонулуучу бардык салыктар жана жыйымдар.

Сунуштун наркы Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык кызматтарды толук көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык чыгымдарды камтышы керек.

Сунуштун валютасы

Кыргыз Республикасынын резиденттери финансылык сунушту кыргыз сому (KGS) менен беришет.

Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган катышуучулар финансылык сунушту чет өлкөлүк валютада берүүгө укуктуу.

Сунуштарды баалоо жана салыштыруу максатында Буйрутмачы финансылык сунуштарды ачуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кыргыз сомуна кайра эсептөөгө укуктуу.

Баалоо критерийлери

Адегенде катышуучулардын квалификациялык жана техникалык сунуштары бааланат.

Баалоонун биринчи баскычынан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана финансылык сунуштарды кароо баскычына өткөрүлөт.

Төмөнкү талаптарга жооп берген катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат:

– конкурстук документтердин талаптарына ылайык келсе;

– Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык келсе;

– квалификациясын жана иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн ырастаса;

– сунушталган кызматтардын наркы жана сапаты эске алынганда Буйрутмачы үчүн эң пайдалуу шарттарды сунуштаса.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтү

Конкурстук сунуш табыштамаларды берүүнүн акыркы күнүнөн тартып кеминде 90 календардык күн жарактуу болушу керек.

Конкурсдук табыштаманы кепилдик камсыздоо

Катышуучу Буйрутмачынын формасы боюнча конкурстук табыштаманы кепилдеген декларацияны берүүгө милдеттүү.

Жалпы шарттар

Ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунуш берүүгө укуктуу.

Конкурстук сунушту берүү менен катышуучу конкурстук документтердин жана Техникалык тапшырманын бардык шарттарына макул экендигин тастыктайт.

Буйрутмачы каалаган сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин конкурстун каалаган баскычында конкурс катышуучуларынын алдында кандайдыр бир милдеттенмелерди албастан конкурсту жокко чыгарууга укуктуу.

Конкурсдук документтер боюнча түшүндүрмөлөр

Конкурстун шарттарына түшүндүрмө берүү боюнча бардык суроо-талаптар [email protected] электрондук дарегине конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркемелер

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР