Жарыяланган: 28 July 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 7-августу, саат 10:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары “КГК”) кеңсе эмеректерин сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу боюнча баа сунуштарын тапшырууга чакырат.
| Сатып алынган товарларга талаптар: | Аталышы | Саны/даана |
| 1. | Жумушчу стол (Техникалык тапшырмага ылайык) | 3 |
| 2. | Ашкана гарнитуру (топтом) (Техникалык тапшырмага ылайык) | 1 |
| 3. | Бир жарым орундук уктоочу бөлмө гарнитуру (Техникалык тапшырмага ылайык) | 4 |
Коммерциялык сунуштар өндүрүүчүлөрдөн жана түздөн-түз дистрибьюторлордон гана каралат, өндүрүүчүлөрдөн тастыктоо каттары же уруксат күбөлүктөрү берилген шартта. Окшош товарларды жеткирүү боюнча кеминде 2 (эки) жылдык тажрыйбасы бар болуш керек.”
Расмий бланктагы коммерциялык сунуштар коммерциялык сунушту тапшырган күндөн тартып кеминде 4 жума жарактуу болушу керек жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) Тапшыруу датасы жана Чыг. номери,
2) Жеткирүү шарттары жана эки тарап үчүн тең ыңгайлуу төлөм шарттары, эгер төлөм шарттары – алдын ала төлөө болсо, милдеттүү банк кепилдигин камсыз кылуу.
3) Сатып алуучунун кампасына жеткирүү шарттары, Бишкек, Ибраимов көчөсү, 24/1.
4) Уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мөөрү жана кол коюусу.
Коммерциялык сунушка төмөнкүлөрдү тиркөө керек:
– Устав
– Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо күбөлүгү
– Салыктык каттоо күбөлүгү
– Салык органдарынан карыздын жоктугу тууралуу күбөлүк
– Толтурулган анкета (№1 Тиркеме)
– Жеткирүүчүнүн маалыматтарын excel форматында толтуруу (№2 Тиркеме)
– Уюмдун атынан кол койгон адамдын ыйгарым укуктары (буйрук, ишеним кат ж.б.)
Бардык документтерди тапшыруу форматы – PDF
Коммерциялык сунуштарды тапшыруу тартиби
Билдирүүнүн темасы “Офис эмеректерин жана жабдууларын сатып алуу, жеткирүү, орнотуу боюнча коммерциялык сунуш” болушу керек жана officemebel_2@kumtor.kg электрондук дарегине гана жөнөтүлүшү керек (көчүрмөгө эч кимди кошуунун кереги жок!!!).
Башка адресаттарга көчүрмөдө жөнөтүлгөн жана 2026-жылдын 7-августунда саат 10:00дон кеч жөнөтүлгөн коммерциялык сунуштар каралбайт!
Башка тактоочу суроолор боюнча төмөнкү электрондук почта аркылуу жазуу түрүндө байланышууга болот: Olga.Turkovskaya@kumtor.kg
Тиркемелер: