КЕҢСЕ ЭМЕРЕКТЕРИ ЖАНА ЖАБДУУЛАРЫН САТЫП АЛУУ, ЖЕТКИРҮҮ, ОРНОТУУ БОЮНЧА

КЕҢСЕ ЭМЕРЕКТЕРИ ЖАНА ЖАБДУУЛАРЫН САТЫП АЛУУ, ЖЕТКИРҮҮ, ОРНОТУУ БОЮНЧА

Жарыяланган: 26 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-июлу, саат 10:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») сиздерди кеңсе эмеректери жана жабдууларын сатып алуу, жеткирүү, орнотуу боюнча баа сунуштарын тапшырууга чакырат.

Сатып алынган товарлардын талаптарынын параметрлери: Аталышы Саны/даана
1. Иш-кагаздарды сактоо үчүн шкаф (ТТга ылайык) 3
2. Жумушчу стол (TТга ылайык) 3
3. Арткы бети бодурланган стеллаж (TТга ылайык) 36
4. Стеллаждар үчүн илмектер (запастык бөлүктөрдү жана шаймандарды ыңгайлуу сактоо үчүн) үлгүлөрдү берүү менен (ТТга ылайык) 300
5. Ашкана гарнитуру ЛДСП же МДФ жасалган (TТга ылайык). 1

Коммерциялык сунуштар өндүрүүчүлөрдөн жана түздөн-түз дистрибьюторлордон гана каралат, өндүрүүчүлөрдөн тастыктоо каттары же уруксат күбөлүктөрү берилген шартта. Кеминде 2 (эки) жылдык окшош товарларды жеткирүү тажрыйбасы бар болуш керек.”

Расмий бланктагы коммерциялык сунуштар (КС) КС берилген күндөн тартып кеминде 4 жума бою жарактуу болушу керек жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) Тапшыруу датасы жана чыг. номери,

2) Жеткирүү шарттары жана эки тарап үчүн тең ыңгайлуу төлөм шарттары, эгер төлөм шарттары – алдын ала төлөө болсо, милдеттүү банк кепилдигин камсыз кылуу керек.

3) Жеткирүү шарттары: Сатып алуучунун кампасына жеткирүү, Бишкек, Ибраимов көчөсү, 24/1.

4) Уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мөөрү жана кол тамгасы.

Коммерциялык сунушка төмөнкүлөрдү тиркөө керек:

  • Катышуучунун акыркы 2 (эки) жылдагы окшош жеткирүүлөрдүн тизмеси, уюмдун колу жана уюмдун мөөрү менен тастыкталган.
  • Окшош жабдуулардын тажрыйбасын тастыктаган кеминде 2 (эки) келишимдин көчүрмөсү.
  • Товарлар үчүн сапат сертификаттары;
  • Уюштуруу тш-кагаздарынын көчүрмөлөрү:

– Устав

– Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо күбөлүгү

– Салык каттоо күбөлүгү

– Салык органдарынан карыздын жоктугу тууралуу күбөлүк

– Толтурулган анкета (1-Тиркеме)

– Жеткирүүчүнүн реквизит маалыматтарын excelде толтуу (2-Тиркеме)

– Уюмдун атынан келишимдерге кол коюучунун ыйгарым укуктары (буйрук, ишеним кат же башка)

Бардык иш-кагаздарды тапшыруу форматы: PDF

Коммерциялык сунуштарды тапшыруу тартиби

Билдирүүнүн темасы “Офис эмеректерин жана жабдууларын сатып алуу, жеткирүү, орнотуу боюнча коммерциялык сунуш” болушу керек жана officemebel@kumtor.kg электрондук дарегине гана жөнөтүлүшү керек (көчүрмөгө эч кимди кошуунун кереги жок!!!).

Коммерциялык сунуштар башка алуучулардын көчүрмөсүндө жана 2026-жылдын 10-июлу, Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дөн кеч жөнөтүлгөн сунуштар каралбайт!

Башка тактоо суроолору үчүн электрондук почта аркылуу жазуу түрүндө байланышсаңыз болот: Olga.Turkovskaya@kumtor.kg

 

Тиркемелер:

  1. БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР