КЕҢСЕ ҮЧҮН ЖАСАЛГАЛООЧУ МАТЕРИАЛДАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

КЕҢСЕ ҮЧҮН ЖАСАЛГАЛООЧУ МАТЕРИАЛДАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 17 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 24-июлу, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди кеңсе үчүн жасалгалоочу материалдарды жеткирүү боюнча баа сунуштарын суратып өткөрүлүүчү жеткирүүчүлөрдү тандоо процессине катышууга чакырат.

Сунуштарды берүү форматы

Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында даярдалып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек.

Сунуштарды берүү тартиби

Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

  1. Квалификациядан жана аккредитациядан өтүшү керек. Документтер боюнча шилтеме:
    https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/
  2. Баалык сунушту кыргыз же орус тилинде даярдап, электрондук түрдө Akram.Mirkarimov@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 24-июлу саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүшү керек.

Тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:

  • Жеткирүү мөөнөттөрү;
  • Жеткирүү шарттары;
  • Төлөм шарттары;
  • БСнын колдонуу мөөнөтү сунуш берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн болушу керек;
  • Милдеттүү түрдө: сунушталып жаткан товарга сертификат берүү.

Жеткирүү жери

DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:

  1. Кыргызстан, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү / Элебаев көчөсү.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери

Сыпаттамага толук жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү деп табылат.

«R29286 суроо-талабы (кеңсе үчүн жасалгалоочу материалдар)» деген тема менен сунуштарды Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 24-июлу саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.

Кардар кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу. Мында Кардар баалык сунуш берген катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт.

Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында даярдалып, кол тамга жана мөөр менен бекитилиши керек.

Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Сунушун берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин тастыктайт.

Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш бере алат.

Баалык сунуштун жарактуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Тандоо мөөнөтүнүн ичинде берилген баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg

Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР