Жарыяланган: 11 June 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 24-июну, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК кабел төшөгүчтү жеткирүүгө чектелбеген катышуу менен эки пакеттүү конкурска катышууга чакырат.
| ЛОТ № | ТОВАРДЫН АТАЛЫШЫ | САНЫ |
| 1 | Кабел төшөгүч | 1 даана |
| Тапшыруу форматы: | Катышуу үчүн табыштамага жана башка документтерге, табыштамага кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек. Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек.
Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек. |
| Сунуштарды
тапшыруу тартиби
|
Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде же англис тилинде катышуу үчүн табыштаманы жана толук пакет документтерди даярдап, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө cablelayer@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 24-июну (Бишкек убактысы боюнча) саат 15:00гө чейин жөнөтүү керек.
Ушул конкурстук документке техникалык тапшырма (мындан ары – ТТ) тиркелген. |
| Маанилүү!!! | Каттын (сунуштун) көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.
Эгер тиркемелердин көлөмү 25 МБдан ашса, анда конкурстук табыштаманы бөлүктөргө бөлүп, каттын темасында төмөнкүчө көрсөтүү зарыл: 1. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» 1-бөлүк. 2. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» 2-бөлүк, жана андан ары. Документтерди жүктөө үчүн булут сактагычтарга шилтемелердин мөөнөтү чектелүү болгондуктан, документтерди булуттагы сактагычтар аркылуу жөнөтүү сунушталбайт. Катышуучунун конкурстук табыштамасынын документтери эки топтомго бөлүнүшү керек. Документтердин биринчи топтому: 1. Катышуучунун квалификациялык жана техникалык сунуштары. Конкурстук табыштаманын баасын же бааны ачып бере турган башка маалыматтарды көрсөтүүгө жол берилбейт. Биринчи топтомдо өзүнүн сунушунун баасын көрсөткөн катышуучунун конкурстук табыштамасы четке кагылат. Документтердин экинчи топтому: 2. Каттын темасында көрсөтүлүшү керек: «Сунуштун баасы (катышуучунун аталышы)» Каттын мазмуну сырсөз менен корголушу керек. Сырсөз катышуучу биринчи этаптагы баалоодон өткөн учурда суралат. |
| Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: | 1. Конкурска катышууга кызыкдар экенин тастыктаган кат. |
| 2. Кеминде 2 (эки) окшош келишимди аткаруу боюнча тажрыйбасы болушу керек. Тастыктоочу документтер: конкурстук табыштаманын/сунуштун суммасынын кеминде 50% өлчөмүндө окшош келишимдерди, кабыл алуу-берүү актыларын, эсеп-фактураларды, мурдагы Буйрутмачы тараптардан пикирлерди жана сунуштамаларды тапшыруу керек. | |
| 3. Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн —Социалдык фонддон жана Мамлекеттик салык кызматынан алынган карыздын жоктугу жөнүндө маалымкаттын түп нускасынын скан-көчүрмөсүн тапшыруу керек. Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбагандар үчүн — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык тапшыруу керек. |
|
| 4. 2024-2025-жылдардагы каржылык отчеттордун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү:
· Бухгалтердик баланс; · Киреше жана чыгым тууралуу отчет; · Акча агымы боюнча отчет; · Капиталдагы өзгөрүүлөр тууралуу отчет. Же болбосо 2024-2025-жылдар үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы. |
|
| 5. Катышуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн, жетекчинин ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин көчүрмөсүн (жетекчини дайындоо жөнүндө буйрук, катышуучулардын чогулушунун протоколунан көчүрмө, юридикалык жактын жалгыз катышуучусунун чечими) тапшыруу керек. Эгер Катышуучунун атынан башка адам иш алып барса – келишимдерге жана башка документтерге кол коюуга ыйгарым укугу бар жакка берилген ишеним каттын тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тапшыруу керек. |
|
| 6. Аффилирленгендигинин жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлири жөнүндө маалыматты тапшыруу керек. №5 тиркеме. | |
| 7. Юридикалык жактын / жеке ишкердин каттоо күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсү | |
| 8. Негизги иш түрүн аныктаган документтин (Устав же башка документтер) скан-көчүрмөсүн, бар болсо, тапшыруу керек. | |
| 9. Тийиштүү түрдө таризделген — ыйгарым укуктуу өкүлдүн колу жана уюмдун мөөрү коюлган толтурулган тиркемелерди тапшыруу керек. Баа жөнүндө маалымат камтылган формаларды экинчи пакетке баа сунушу менен бирге тапшыруу керек. | |
| 10. В случае участия дилера, дистрибьютера – авторизация от завода-изготовителя.
11. Дилер, дистрибьютер катышкан учурда — өндүрүүчү заводдон тастыктоочу документтерди тапшыруу керек. |
|
| Биринчи пакет үчүн баалоо критерийлери: | Прошедшим отбор будет признано предложение, отвечающее всем квалификационным и техническим требованиям.
Бардык квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген сунуш тандоодон өткөн деп таанылат. |
| Экинчи пакет үчүн баалоо критерийлери: | Товардын баштан аяк циклин эске алуу менен эң төмөн бааланган нарк. |
| Буйрутмачы келишимди ыйгаруу алдында каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же
четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу жана бул үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт. |
|
| Конкурстук сунуш Жеткирип берүүчүнүн расмий бланкта даярдалышы керек. | |
| Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган конкурс сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Ар бир Катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат. Конкурстук сунуштун мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Тандоодон өткөн Катышуучу келишимге кол коюунун алдында КГКнын №2 Тиркемеде көрсөтүлгөн эсептик эсебине келишимдин суммасынын 2% өлчөмүндө келишимди аткаруунун кепилдигин акчалай каражат түрүндө берүүгө милдеттүү. | |
| Аванстык төлөм каралган учурда жеңүүчү компания, сатып алуучу уюмдун банкы тарабынан SWIFT системасы аркылуу тастыкталган, өлчөмү аванстык төлөмдөн кем эмес болгон банк кепилдигин берүүгө милдеттүү. | |
| Бул конкурс боюнча бардык суроолор Askar.Adambekov@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек. | |
| Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек. | |
Тиркемелер: