КӨПжА (КОНТРОЛДУК-ӨЛЧӨӨЧҮ ПРИБОРЛОР ЖАНА АВТОМАТТАШТЫРУУ) АЛТЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКАСЫНЫН (АЫФ) ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ БОЮНЧА ЭЛЕКТР-ТЕХНИКАЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 15 September 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 28-сентябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында КӨПжА (Контролдук-өлчөөчү приборлор жана автоматташтыруу) Алтын ылгоочу фабрикасынын (АЫФ) техникалык тейлөө боюнча электр-техникалык кызматынын бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Электротехника, энергетика, контролдук-өлчөө приборлору жана аппаратурасы, өндүрүш процесстерин автоматташтырылган башкаруу системаларынын (ТПАБС) инженердик системалары, автоматика жана технологиялык процесстерди автоматташтыруу, релелик коргоо жана автоматика (РКА) багыттары боюнча жогорку окуу жайларынын жана орто кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү;
- Адистиги боюнча ар кандай объекттерде, ишканаларда иш тажрыйбасынын болушу же практиканы өткөнү артыкчылык болуп саналат;
- Аспаптар жана өлчөөчү приборлор менен иштей билүү;
- Электрдик жана электрондук схемаларды окуу боюнча базалык билимдерге ээ болуу;
- Жоопкерчиликтүүлүк, командада иштей билүү, тактык жана тыкандык, майда-барат деталдарга көңүл бура билүү;
- Компьютердик көндүмдөрдү колдонуучу деңгээлинде билүү (MS Office пакети, Outlook);
- Аллергиялык оорулардын жоктугу;
- Кыргыз, орус жана англис (милдеттүү эмес, бирок артыкчылык болуп саналат) тилдерин билүү артыкчылыктуу;
- Жакшы дене түзүлүш, дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
- КӨПжА (контролдук-өлчөө приборлору жана автоматика) бөлүмдөрү тарабынан аткарылуучу иштер, иштөө режимдери, өндүрүштүк нускамалар, өзүнчө жабдуулардын өлчөөчү приборлору жана АЫФтин өндүрүштүк участоктору менен таанышат;
- КГК объекттеринде колдонулуучу жөнөкөй жана татаал контролдук-өлчөө приборлору жана аппаратурасынын системаларын техникалык тейлөө, ошондой эле өндүрүш процесстерин контролдоо жана жөнгө салуу системалары боюнча таанышып, окутуудан өтөт;
- Бригаданын курамында иштеп, КӨПжА приборлору менен аппаратураларына пландуу-алдын алуучу оңдоо (ППР) жана оңдоо иштерин аткарат;
- КӨПжА боюнча слесардын жардамчысы болуп саналат;
- Өзүнүн компетенциясынын чегинде жумуш ордунда иштердин коопсуз аткарылышын камсыз кылат;
- Жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча талаптарды сактайт.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтор кени
- Такшалма графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн:
2026-жылдын 28-сентябрьда саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.